Домой Коом Мадияр Кулуев: “Комендант өзү иштей албай, мени кызматтан мыйзамсыз алды. Мен сотко...

Мадияр Кулуев: “Комендант өзү иштей албай, мени кызматтан мыйзамсыз алды. Мен сотко жана президентке кайрылам”

138

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мадияр Кулуев кызматынан алынды. Бул тууралуу журналисттерге өзү билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди бүгүн эртең менен борбор калаанын коменданты кабыл алган. Кулуев өзүнүн кызматтан четтетилишинин себептери жөнүндө ага маалымат берилбегенине нааразы.

“Мен эмне үчүн мени кызматтан четтеткенин түшүнгөн жокмун, себебин дагы айтышкан жок.  Балким, өкмөт иш тажрыйбасы бар лидерлерден арылууда. Бул коменданттын мыйзамсыз чечими. Мен 1986-жылдан бери милицияда иштеп келатам. Бул убакыт аралыгында мен эч качан ката кетирген эмесмин. Алар мени милдетин аткара алган жок деп айтышты. Бул башаламандык”, – деди Кулуев.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн экс-башчысы сотко жана мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрыла турганын кошумчалады.

“Мен сот органдарына жана президентке кайрылам. Кызматтан четтетилгенимдин себебин түшүндүрбөгөндөрүнө таң калам. Мен ордум үчүн эмес, башаламандык үчүн тынчсызданып турам. Алар өздөрү эмне кылып жаткандарын билишкен жок, өздөрү иштей албай, бирок менден арылууну чечишти”, – деди ал.

Булак: kyrgyztoday