Домой Маданият Маданияттын “мафиялары”…

Маданияттын “мафиялары”…

249

кыргыз драм театрыМындан 20-30 жыл мурун маданиятыбыздын өкүлдөрү, анын ичинде кадыр-баркы тоодой ири маданий ишмерлерибиздин, залкар таланттарыбыздын баары болбосо да дээрлик басымдуу бөлүгү таза жана жалпы элге үлгү көрсөткөн, элдин эң негизги сыймыктана турган бир башкача, кол жеткис адамдарындай сезилчү эле. Маселен, кийинки жылдарга чейин жашаган Түгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Карасаев, Муратбек Рыскулов, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов, Болот Миңжылкиев, Бүбүсара Бейшеналиева, Советбек Жумадылов, Дооронбек Садырбаев сыяктуу адамдарды алалы. Не деген керемет инсандар! О, ал кезде коррупция, интрига, бузукулук деген терс көрүнүштөрдүн көбү саясат тармагына тиешелүүдөй сезилчү. Бүгүнчү? Бүгүн бул көрүнүш бардык тармакка энчилүү болуп калды. Буга чейин, качан эле маданият ишмерлеринин былыгы былтыйып чыкчу эле, качан эле маданий ишмерлер мамлекеттин казынасына кол салып, миллиондогон акчаларды уурдап, анан алдым-жуттумдугу ашынган аткаминерлерге окшоп көздүн жоосун алган хансарайларды салышчу эле? Азыр  болсо кадыресе көрүнүшкө айланды. Адамдардын, анын ичинен маданияттын өкүлдөрүнүн баары болбосо да, бир тобунун да жан дүйнөсү каңгырап, руханий байлыктан кур жалак калып, материалдык байлыкка жутунуп турган кези. Кыскасы, адам үчүн байлык, мансап маселеси негизги орунга чыкты десек жаңылбайбыз. Бул деген сөз: маданият өлүп, адамдар маңкурт болот дегенди туюндурат. Маданият өлсө, адамдар маңкуртка айланса, мамлекет тирүү калчу беле, ал да көп өтпөй акыркы сапарга узайт. Башка багыты болбойт. Бүгүн бир катар эл көзүнө сүйкүм көрүнүшкөн чоң таланттын ээлери, ошол эле учурда жооптуу кызматтарда иштешкен ырчы, акын, жазуучу, режиссёр, актёрлордун арасында чоң коррупционерлер көбөйүп кетти. Ооба, бул жаңылык эмес, бирок биз бул маселенин эскисин да, жаңысын да кез-кези менен бийлик төбөлдөрүнүн, жалпы коомчулуктун эсине салып айтып турууга милдеттүүбүз! Айтылган сөздөр, жазылган иликтөө макалалар боюнча, андагы далилдерге таянып, укук коргоо органдары талапка ылайык чараларды көрүшү зарыл.

Мен маданият тармагындагы коррупцияны, ар кандай мыйзам бузууларды 2012-жылдан бери жетиштүү далилдер менен жазып келаткан журналисттердин биримин. Ошол жылдын ноябрь-декабрь айларында “Фабула” гезитине “Маданият жана туризм министрлигиндеги уурдалган миллиондор” деген ат менен көлөмдүү макалаларды жарыялап турдум. Ал боюнча эч кандай чаралар көрүлбөдү. Андан кийин 2013-жылы “Маданияттын мафиялары” деген ат менен ошол эле гезитке бир нече ай көлөмдүү макаланы сандан-санга жарыяладым. Бул ирет аталган макаладагы каармандар абийирлери ачыкка чыккандан уламбы, айтор бир топ чычалашып, жакшы эле чамынышып, сот, ж.б. ар кандай жолдор менен коркутууга аракет кылышып, айтор мени жаздырбоонун ар кандай амалдарын жакшы эле көрүштү. Өтө абройлуу адамдарды ортомчу да кылышты. Башка гезиттер аркылуу болушунча актанып, бапылдашты. Чынында бул макала коомчулукта, айрыкча тар чөйрөдө жакшы эле талкуу жаратты. Акыры гезит ээсине кадыр-баркын салып, жалдырап жатышып, такыр эле жаздырбай жандары тынды. Ал эми гезит ээси өзү билет да, айтор ал дагы акыры маданият тармагынын тазалануусуна салым кошо турган макалаларды жарыкка чыгарбай тыйып койду. Көп нерселер айтылбай, жазылбай калды. Бирок, 2014-жылы, маданияттын башка багытындагы былыктарды иликтеп,  ошол эле “Фабулага” “Кыргызфильмдеги коррупция” деген ат менен 2 айга жакын сандан санга көлөмдүү макаланы жарыяладык.

Аталган макаланын кадырман каармандары да чычалап, жогоруда айтылгандай көрүнүштөр кайталанды. Ошондой болсо да, бийлик тараптан, укук коргоочулар, мыйзамды сактоочулар, коррупция менен күрөшүүчүлөр тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок. Кыскасы, айтылды, жазылды, талкууга алынды, анткен менен чара көрүлбөй кала берди. Бирок, эң башкысы, Султан Раев, Ибрагим Жунусов, Керим Турапов, Болот Осмонов,  Мукталы Бектеналиев, в, Бакыт Карагулов, Замир Эралиев, Таалай Кулмендеев, Курмангазы Исанаев Болот Шамшиев, Боронбай Рыскулов ж.б маданий ишмерлердин былыктарын жалпы коомчулук жакшы эле билип калды. Билинбей жаткандары, маданият тармагын талкалап, майкандап жаткандары дагы да көп. Мына ушул маселелерди эске алуу менен гезитибиздин бүгүнкү санынан баштап “Маданияттын мафиялары” аттуу макаланын экинчи кайрыгын сандан-санга жарыялап баштайбыз. Алдыда Маданият министрлигиндеги, Кырдрам, Цирк, Улуттук филармония баштаган бир катар маданий мекемелердеги эски жана жаңы мыйзамсыз иштер, акылга сыйбаган окуялар, мамлекеттин казынасына кол салмай сыяктуу көрүнүштөрдү окуй аласыздар. Бул тармактар боюнча кимдин маалыматы болсо түз эле бизге кайрылыңыздар. Алардын баарына иликтөө жүргүзүп, “Гүлчөтайлардын” жүздөрүн бирге ачып туралы. Экинчи кайрыктын биринчи макаласы Кырдрамдагы коррупциялык иштерге арналды.

 

Мыйзамыңды уруп ойнобойт

Мен жогоруда эске сала кеткендей, Кырдрамдагы коррупциялык иштер толугу менен жазылбай калган, андан бери жаңы жагдайлар да чыгып, ойго келбеген орунсуз окуялар өөрчүп жатыптыр. Бирок, андай болсо да, бул маселеге азырынча эч ким көңүл бурбай, кол шилтеп турат. Буга чейин бул тууралуу ЖМКга да чыккан эмес. Эмесе, жаңы баян башынан болсун.

Шамшыбек Өтөбаев деген маркум болуп кеткен кыргыздын таланттуу инсанын жалпы коомчулук жакшы билет. Обондору жакшы. Айрыкча, айтылуу акын Алыкул Осмоновдун “Ата Журт” деген даңктуу ырына чыгарган обону мактоого аларлык. Бул адам эски бийликтин тушунда, тагыраагы Курманбек Бакиевдер менен жакшы мамиледе болуп, президенттик администрацияда иштеп турду. 2008-жылдары Маданият министри болот деген кеп кеткенден көп узабай, ооруканада күтүүсүздөн каза таап калды. Жаны жаннатта болсун дейли. Негизи, адам канчалык таланттуу болсо да, жеке кызыкчылык деген жерде калбайт экен да. Маселен, Шамшыбек агабыз да көзү тирүүсүндө оокат кылайын, пайда табайын деген ниет менен Кырдрамдын так түбүндөгү 276 квадрат метр жерди башка бир адамдан тааныштар аркылуу алып койгон экен. Эми ал кезде президенттик аппаратта иштеп турган адамдын качан сөзү эки болду эле. Ошол жер тилкесин ошол күндөн ушул күнгө чейин Шамшыбек Өтөбаевдин кызы Сейил Өтөбаева иштетип, бир катар адамдарга чоң суммадагы акчага ижарага берип, ижарачылардын айрымдарынын укугун тебелеп, билген намазыңарды окугула деген мамиле менен чоң пайда көрүп, айтор өз билгенин жасап келет. Муну көп адамдар, ал тургай Маданият, маалымат жана туризм министринен баштап, Ак үй, Көк үйдөгүлөр, ИИМ, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, эл деп жүрүшкөн эл өкүлдөрү да эң сонун билишет. Бирок, эмнегедир эч ким чара көрбөйт. Көрсө, акча ойногон жерде, жөнөкөй адамдардын укугу жана мамлекеттин кызыкчылыгы да болушунча тебелене берет турбайбы.

Бул окуянын чоо-жайын төмөндө ирети менен баяндайлы. Ошол кезде Кырдрамды Кыргызбай Осмонов жетектеп (бул адам ушул окуянын чоо-жайын эң сонун билет, бирок чындыгын оңой менен айтпайт) турган. Чынында ал жер тилкесинде союз кезинде айлана-тегерекке өзүнчө бир көрк берип турган чоң фонтан турган. Кийин союз кулап, бир топ мекемелер, фонтандар талкаланып баштаганда, ал фонтан да талкаланып, иштебей калганда анын темирлерин жаңылбасак, Кырдрамдын билермандары кыркып, сатып салышкан. Ошентип, уста адамдардын оңой эмес фантазиясы менен жасалган жарашыктуу фонтан, ууру адамдардын колу менен биротоло күм-жам болду. Анан анын орду ээн болуп калганда (кайсы жылы экенин так билбейбиз), бир карапайым адамдар кыштыр-жайдыр боз үй тигип, жанына ж.б. орнотуп жеңил тамак жасап сата баштайт. Ижара акысын, свет, сууга деген төлөмдөрдү Кырдрамга төлөп келген. Алар узак жылдар иштеп калгандан кийин, жогоруда айткандай, 2008-жылдары президенттик администрациянын социалдык бөлүмүн жетектеп турган Шамшыбек Өтөбаевдин көзү ошол жерге түшүп, директор Осмоновго эмне деп айтканын так билбейбиз, бирок башкы бухгалтер Шакен Өмүралиевди анча-мынча коркутуп, ага чейин иштеп келген ижарачыларды айдатып, келишим түздүргөнүн билгендер тар чөйрөдө айтып жүрүшөт. Кыскасы, ал жерден соода кылып бир топ жыл иштеткен кемпир-чал алданып калат. Бирок, алар менен Өтөбаевдин ортосунда башка дагы кызыктуу кептер болгон экен, аны азырынча жазбай туралы. Мына ушул иштерден көп өтпөй, Шамшыбек агабыз акка моюн сунду. Анын ишин кызы Сейил жана уулу Медер улантып, атасы “мурастап” кеткен жерди ижарага берип, пайда көрө башташат. Кичине кафе сыяктуу бирдеме куруп, сыртын иретке келтиришти. Бирок, алар ал кезде Кырдрамга канча ижара төлөп турганын мурунку директорлор так билбесе, биз так айта албайбыз. Ижара маселеси боюнча кийинкисинен кабарыбыз бар.

Сейил айым 2013-жылы кафе сыяктуу бирдемени ага чейин бир нече жылдан бери Кырдрамдын негизги эшигинен кире бериштеги биринчи кабатта жайгашкан буфетти ижарага алып иштетип келген Нурсияда Жантаевага 2028-жылга чейин деп оозеки гана келишим түзүп, 15 жылга ижарага берет. Бул окуянын чоо-жайы өтө кызык экен, калганын кийинки саныбызда уланталы да, азырынча кезекти ошол эле Кырдрамдагы жана Улуттук филармониядагы башка бир коррупциялык ишти жазалы.

 

12 миллион сомдун канчасы желди? Сариевдин жардамчысы аралашты беле?

Белгилүү болгондой, мурунку өкмөт башчы Темир Сариев жыл башында  директорлор Кыргызбай Осмонов менен Темирлан Сманбековдорду кабыл алып, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясына 6 миллион сом жана  Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук кыргыз драма театрына дагы 6 миллион сом бөлгөн. Бул чоң суммадагы каражатка аталган эки ири маданий мекемелер бир нече унаа алышканы белгилүү. Бирок, ошол унаалар кандай жолдор менен алынды? Мындай маселеде мыйзам бузулган жокпу? Кымбат баада алыштыбы? Сапаты жакшыбы, эскиби, жаңыбы деген суроолор сөзсүз туулат. Анткени, акча менчик эмес, жалпы элден чогулган каражат да, элдин акчасы максатка ылайык пайдаланып жатабы же сол чөнтөккө солонуп кетип жатабы? Негизги маселе мына ушунда.

Анда Кырдрамдын алган машинелери, ал жердеги мыйзам бузуулар тууралуу жазсак. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, аталган театрдын директору Темирлан Сманбеков менен Филармониянын директору Кыргызбай Осмонов экөө тең алгач унааларды эч кандай тендери жок алышкандыгы айтылууда экен. Кийин бул маселе кеп-сөз болуп кетип, ишти талапка ылайык жайгаруу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кийлигишип, машинелер алынган арткы дата менен тендер өткөздү кылып, документтерди тууралашкан дешет. Ушул чынбы? Бул сөзгө министр Алтынбек Максүтов эмне дейт болду экен? Бул жөнүндө өз оозунан жоопторду угаар күнүбүз алыс эмес.

Иликтеп көрсөк, Кырдрам театры 6 млн. сомго 3 унаа, так айтканда, биринчиси чыгарылганына 18 жыл болгон (1998-жылкы) 45-50 орундук чоң автобусту 58 миң долларга сатып алышкан. Бул деген сомго которгондо 3 млн. сомдон ашат. Билгендер мындай автобустун баасы 30-35 миң доллар экенин айтышууда. Экинчиси — “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү кичи автобус 2007-жылкы. Баасы белгисиз. Ал эми үчүнчү машинени директор Темирлан Сманбеков өзүнө кызматтык унаа катары алган. Анын үлгүсү 2010-жылы чыккан “Тойота Камри”. Бул маселенин чоо-жайын жакшы билгендер сатып алуу иштерине мурунку премьер Темир Сариевдин “маселе чечкич” бир жардамчысы аралашып, тиешелүү иш-кагаздарды өзү даярдап, өзү көрсөтмө берген дешет. Жыйынтыгында үч автоунааны сатып алууда 1 млн. 300 миң сом сол чөнтөккө солонуп кеткен имиш. Бул туурабы? Мындай кеп бекер жерден чыкпайт да, айтор бир мандем бар үчүн айтылып жаткандыр. Буга чейин 6 млн. сом маселесин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерип, мыйзам бузууларды, былык ишти жаап кетиптир деген сөз айтылып жаткан, бул канчалык деңгээлде чын экенин убакыт көрсөтөөр. Бир билгенибиз, бүгүнкү күндө бул маселенин күнгөй-тескейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы иликтеп жатыптыр. Алынган машинелердин бааларын аныктап, ахыбалдарын, сапатын байкап, тендер маселесин текшерип дегендей. Бирок, УКМК бул коррупциялык иштин бетин ачып, коомчулукка жар салып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартабы? Кеп ушунда. Же ортодон тил табышып калып, жабылуу аяк болуп, бардык мыйзам бузуулар көмүскөдө калып кетеби? Чынында бизде көп учурда ушундай болуп калчу эле.

Кандай болгон күндө да, бул маселеге биринчи кезекте директор Темирлан Сманбеков жооп бериши керек. Анан театрда 25 жылдан бери башкы бухгалтери болуп иштеп жаткан Шакен Өмүралиев да жооптуу. Бул адам театрга ушунча жылдан бери кайсы директор канча жегенин, кантип жегенин эң сонун билет, өзү деле анча-мынчасына аралашкандыр. Балким, кээ бир шылуун директорлор дал ушул башкы эсепчинин колу менен далай кызыл чокту шилтешкен десек болот. Анан андай былык иштерди башкы эсепчи бир ыгын, эбин таап жапкандыр. Бул эми чындыкка жакын божомолдор. Анткени, Кырдрамда коррупциялык иштер буга чейин абдан эле көп болуп келген, анын баарын иликтеп жазып жүргөн журналист катары жакшы билем. Айтор, Өмүралиевдин башкы бухгалтердик “өмүрүндө” көп кызыктар бар, ага да өзүнчө баам салуу  керек.

Айтмакчы, Кырдрамдын директору үчүн ахыбалы анчалык жаман эмес, “Волга” үлгүсүндөгү тулпар бар экени маалым. Эми ал “списаниеге” чыгып, жең ичинен сатылып кетпесе экен. Кыязы, андай арзан машине Сманбековдун көңүлүнө толгон жок окшобойбу, ал дагы депутаттарга окшоп кымбат баалуу машинеде чалкалап жүргүсү келди көрүнөт. Мейли, буйрусун, бирок баары мыйзам чегинде болсо…  Эмки санда бул эки маданий мекемедеги мандемдүү маселени кенен жазабыз .Негизи Сманбековдун башка дагы ишмердүүлүгү тууралуу жаза турган “жаңылыктар” арбын.

(Уландысы кийинки санда)

Айбек Шамшыкеев