«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун көңүлүн таап тизмеге кирип Жогорку Кеңештин депутаты болгон Лунара Мамытова деген бар. Дарамет-деңгээли чектелүү болгондуктан, өзүн көрсөтүп иштей албай койгондо, аны Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кылып кутулушкан. Ал жакты дагы тарта албай, пенсионерлер 2-3 миң сомдук пенсиясын чогултуп эл-жер кыдырып саякаттаса болоорун айтып жемеге кабылып иштен кеткен.
Ошол «акылдуу айым» жөн отура албай, «Мугалимдер бир күндө 6 миң сом табышат» — деп «дөөрүп», коомчулуктун тепкисинде калды. Кудум «ал ооз ачпаганда анын акмактыгын эч ким билмек эмес» дегенди далилдеди
Булак: Фабула»