Маалыматка ылайык, LBMA июнь айында алтын аффинаждоочу «заводдогу алдамчылыкка шектенүүлөрдөн» улам текшерүү баштаган. Анын жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандагы мамлекетке караштуу заводдун ишенимдүү алтын өндүрүүчүлөрдүн катарындагы «Good delivery» статусу токтотулган.
Ассоциация мындан башка кеңири маалымат берген жок.
Быйыл августта World Street Journal басылмасы кыргыз өкмөтү Кумтөргө сырткы башкаруу киргизген соң шектүү операциялар болгону байкалганын, ошонун негизинде текшерилип жатканын жазып чыккан эле.
Бул аккредитациянын токтотулушу «Кыргызалтын» ишканасына таандык Карабалтадагы алтын аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймаларын дүйнөдөгү «Good delivery» макамы менен таанылган базарларга сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Кыргызстандын алтынды экспорт кылып келген Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгат.
Буга чейинки жылдары Кыргызстан алтындын көбүн Улуу Британияга, андан тышкары, Италия, Орусия, Түркияга экспорттоп келген.
Кыргыз тарап быйыл май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген. Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.
Ошондой эле “Центерра” июнь айында LBMA уюмунун текшерүү баштаганын кубаттаган.
Кыргыз өкмөтү Баалуу металдар базарларынын Лондон ассоциациясынын соңку чечими боюнча комментарий бере элек.
булак: https: gezit.kg