Домой Саясат LiglassTraidingдин айланасындагы омуртка сынуучу оюндардын артында кимдер бар?

LiglassTraidingдин айланасындагы омуртка сынуучу оюндардын артында кимдер бар?

45

16942cd9cd083772fdaa398583e9a3ec

Айрым фракциялардын лидерлери парламент трибунасын пайдалануу менен атаандаштарга сокку уруп, саясий упай топтоого аракет жасап жатышканын аңдоого Вангадай көзү ачык болуунун зарылдыгы деле жок. Анын үстүнө чехиялык ЖМКларда Liglass Trading компаниясы жөнүндө жарыяланган маалыматтар аларга айдан издеген жерден табылгандай эле оттамызгы болууга жарады. Бул компания туурасындагы макалалардын биздин өлкөдө саясий маанилүү окуялар мына-мына өтөөр маалда туурадан чыга калганы таңдандырат. Баса, чехиялык ЖМКлардагы маалыматтар бул ирет премьер-министрлик кызматка сунушталган Сапар Исаковго сокку уруу максатын көздөгөндөй таасир калтырууда. Анын үстүнө бир эле учурда КСДПнын ардагерлеринен деген кайрылуу да кайдан-жайдан пайда болду.

Бул эмне болгон дал келүүчүлүк? Ишенүү өтө кыйын. Айтса-айтпаса да маалыматтык кампаниялардын артында бир топ эле дасыккан дирижер тактекечинин эбепке-себепчи колу турганы сезилүүдө. Чет өлкөлөрдө жана Кыргызстанда бир катар таасирлүү күчтөрдүн кызыкчылыктары бардыгын да оңой эле баамдоого болот.

Тагыраак айтканда, Россия менен Евросоюздун өз ара мамилесинде өкүм сүрүп жаткан геосаясий аспектилердин эпкини Кыргызстанга да жетүүдө. Таразалай келсек, Кыргызстан салгылашуу талаасы катары тандалып, кармаш азырынча бир топ ыраактан башталгандай. Чехиянын өзүндөгү айрым саясий күчтөргө залал келтирүү, аны менен бирге Кыргызстан аркылуу ЕАЭБге сокку уруу негизги максат өңдөнүп калды. Бардык фигуралар шахматтагыдай эле каз-катар тизилип, акылды ала салдырган комбинацияларга даяр. Тагыраак айтканда, Кыргызстандын президентин шайлоо үлкөн державалардын геосаясий атаандаштыгынын уландысы болчудай, таразанын ташы ири оюнчулардын кимиси тарапка оой турганы шайлоонун жыйынтыгынан билинет. Чоң оюндар эми башталды десек болот.

Эми түзүлгөн кырдаалга алыстан көз кырыбызды салып көрөлүчү.

Чехиянын учурдагы президенти Милош Земан Евросоюздагы башка өнөктөштөрүнө салыштырмалуу Россияга көзүнүн түздүгү менен айрымаланат. Земан мырзанын Россияга тартынбай каттап, Москва менен достук мамиледе болгону ЕС менен АКШ кыжырын келтирет. Ошондуктан, азыр Чехия президентинин кадырына доо кетирүү аракеттери жасалууда. Быйыл жазда Земан президенттик экинчи мөөнөткө барам деп жарыя салгандан бери, россиялык маанайдагы мамлекет башчысына каршы аракеттер он эселенип күч алды. Чехиялык саясат таануучуларынын пикиринде, мамлекет башчысынын кызматын сактап калуу үчүн Земанда бардык шанстар бар. Сурамжылоолор аны шайлоочулардын 50%дан ашыгы колдоорун көрсөтүүдө. Ошого карбастан, Земанга каршы чыккандар чех президентинин кадырына доо кетирүүгө, ал турсун импичмент жарыялоого жан үрөшүүдө. Арийне ага өтө жүйөлүү себептер зарыл. Аны да табышкансыды – Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарын куруу боюнча Liglass Trading компаниясы менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн келишим керекке жарап берчүдөй.

Соңку окуяларга кылдат көз салгандар сөз болуп жаткан келишимден кынтык издөөгө негиз жок экендигин баамдары анык. Келишим эч кандай күмөн санатпайт. Ошого карабастан, чехиялык ЖМКлар чала бышкан фактыларды кулагынан тартып, түрлүү версиядагы таржымалдарды таратуу менен алек. Чех компаниясы афералык кылууда деп айткыдай тандыра алгыс далилдери деле жок. Бардык күдүк күбүр-шыбырлар президент Земан жана анын канцеляриясы аталган компанияны колдойт деген темага барып такалат. «online doctor» prescription canada.

Жарык көргөн акыркы маалыматтарда Чехиянын Тышкы иштер министрлиги келишимди текшерип көрүүнү атайын кызматтарга тапшырды деп айтылат жана Сапар Исаков менен Чехия президентинин канцелярия жетекчисинин өз ара кат алышкан фактысы келтирилет. Далили жок болсо да коррупцияга шек саналат. Бул эми болгону мамлекет башчыларынын канцелярияларынын ортосундагы кадимки эле кат алмашуу.

Бир сөз менен айтканда, президентинен шек санатып, чехтердин маанайын бузуу максатында маалыматтык чуу салынууда. Мындай ыкма алгач ирет колдонулуп жаткан жок. Иракка кол салардан мурда АКШнын мамлекетик катчысы Колин Пауэлл да Саддам Хусейндин биологиялык курал боюнча жашыруун программасы бар экени аныкталды деп бүт дүйнөнүн кулагын ушалаганы маалым.Хусейн тактан кулатылып, дарга асылгандан кийин “эмне үчүн мени алдадыңар” деп атайын кызматтардан түшүнүк талап кылган. Бул азыр актууалдуу эмес. Анткени, эки жүздүүлүктүн аркасы менен АКШ өз максатына жеткен.

Чехиялык ЖМКларда да дал ушундай жагдай өкүм сүрүүдө.Кыргызстандын Liglass Trading менен келишими Чехияда өтүүчү президенттик шайлоонун алдында Земандын аброюна сокку уруу үчүн олуттуу жүйөгө айланууда. Ал эми Сапар Исаков менен Земандын канцелярия башчысынын кат алышуулары бул капсалаңдуу оюндарга ыгы менен кынапталды.

Арийне, аракеттеги мамлекет башчысынын көздөгөн багытын улантуу максатында Алмазбек Атамбаевдин ордун ээлеп калууга талапкерленип жаткан Сооронбай Жээнбековго сокку уруу үчүн Сапар Исаков бутага алынгандыгын белгилей кеткенибиз абзел

Бул Россия менен алаканы чыңдоо, ЕАЭБдеги интеграциялык процесстерди колдоо сыяктуу негизги максаттарды камтыган тышкы саясаттагы азыркы багытыбыз улантыларын түшүндүрөт. Президент Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы катары Алмазбек Атамбаевдин тышкы саясаттагы багыттарын аныктоого болгон күч аракетин жумшаган Сапар Исаковдон өч алууну каалагандар жетиштүү.

Ошентип, бардык максаттар Кыргызстан менен чех компаниясынын ортосундагы келишимге келип чап жармашып калган чагы. Максат жана окуялардын мындан аркы өнүгүүсү айдан ачык. Сооронбай Жээнбековдун атаандаштары Liglass Trading компаниясынын аланасындагы чуунун куйругуна жабышуу менен парламентте Сапар Исаковду премьерлик кызматка жакын жолотпоого жана анын кадырын кетирүүгө аракет кылышат. Бул баарыбызга бештен белгилүү.

Арийне парламентте чех ЖМКларындагы маалыматтарга таянуу менен С.Исаковду жардан кулатуу аракети, ЕСтеги Россиянын башкы өнөктөшү президент Земанга сокку урууну түшүндүрөт. Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялардын лидерлери ушундай жоопкер кадамдарды жасоого даярбы?

Эгер даярбыз дешсе, ал президенттикке талпынгандар омуртка сындыруучу геосаясий оюндарга аралашып, ЕС чөйрөсүндө Россияга ыктагандарды жок кылуучулар менен таламдаш жана табакташ болушат. Өз амбициялары менен саясий мүдөөлөрүнө жетеленген президенттикке талапкерлер жагдайды түшүнүп же түшүнбөстүктүн айынан Кремлдин геосаясий кызыкчылыктарына кыянаттык кылып коюулары толук мүмкүн.

Чехиялык ЖМКлардагы маалыматтардын чагылгандай тездик менен Кыргызстанга жетип, биздин тилге ыкчам которулуп, жергиликтүү айрым ЖМКларда ньюсмейкерлер түрүндө жарыяланууда. Авторлору аларды реалдуу далилдер менен коштолгон журналисттик иликтөө катары таңуулап жатышат. Арийне илинчеги жок жомоктор “бир кемпир айтты эле” дегендей эле кепке айланууда.

Кыскартып айтканда, чех компаниясынын айланасындагы чуу жана конспирологиялык жоромолдор менен С.Исаковду кандайдыр бир тунарык иштерге илештирүү – тажрыйбалуу тактекечилердин таанымал ыкмаларынын бири. Президенттик шайлоодо өз атаандашынын аброюн кетирем дегендердерге эскертээрибиз – сенсациялуу фактылар менен ойноо ашмалтайды чыгарып коюшу мүмкүн. Айлампага кирип кеткенде, андан кайра аман чыгуу кыйын болот.

 

Ильяс КАНГЕЛДИ