“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын дагы бир мүчөсү Дүйшөн Чотоновго алданып, аларга 1 млн. долларын алдырган россиялык ишкер Леонид Маевский 29-июндагы сот отурумунда көрсөтмө берди. Андан соң Маевский маалымат жыйын өткөрүп, журналисттер менен пикир алышты.
Маалымат жыйында Маевский буга чейинки көрсөтмөлөрүнөн баш тартпай турганын, 1 млн. долларды Текебаевге бергенин дагы бир ирет тастыктап, керек болсо Өмүрбек Чиркешовичти калпты аныктоочу аппаратка түшүүнү дагы бир ирет сунуш кылганын, Текебаев болсо андан баш тартканын билдирди.
Россиялык ишкер маалымат жыйынында Текебаевден акчасын кайтаруу үчүн күрөшө берерин баса белгиледи. “Текебаев мен берген акчаны демократияны бекемдөөгө коротом деген, бул акылга сыйбаган нерсе”, — дейт ал.
Маевский 700 миң долларды берүүдө эч кандай тил кат албаганы тууралуу суроо берилгенде “Бул намыстын иши болчу. Мен андай каттоолорду жасабаймын. Азыр айрымдар бул кылмыш ишин саясат деп жатат. Менин оюмча, бул иште эч кандай саясат жок”, — дейт Маевский.
Текебаевге берген акчасын кайтарып алууга сөз берген ишкер аны кайрымдуулукка жумшай турганын билдирди. “Кыргызстанда кан төгүлүп турганда Текебаевдин “Супарада” арак ичкенин көрүп шок болгом. Кандай гана акылга сыйбаган нерсе. Мен Кыргызстандан бир сом да чыгарып кеткен эмесмин. Мен бул акчаны Текебаевден кайтарып алганда баарыңарды чогултуп кайсы жакка жумшаганымды көрсөтөм. Мен аны кайрымдуулук иштерине коротом. Офицер катары сөз берем, бул акчаны мен кайтарып алам”, — дейт Маевский.
Ошондой эле Маевский Текебаевге берилген акча пара эмес экенин айтып, бул боюнча тиешелүү документтери бар экенин кошумчалады. «Мен негизи телекоммуникация тармагында иштейм. «Мегаком» компаниясын кантип сатып алуу боюнча өзүмдүн юристтерим менен макулдаштым. Кийин мен өзүмдүн эсебимден 1 миллион доллар Текебаевге бергем. Учурда сот жүрүп жатат. Сот кандай чечим чыгарат көрөбүз. 2010-жылы «Мегаком» компаниясы 300 миллион долларга бааланып сатып алууну көздөгөнбүз. Менин акча бергеним коррупция эмес. Менде тиешелүү документтер бар. Мен Кыргыз өлкөсүнө учуп келип «Хаят» мейманканасында калдым. Ал күнү «Мегаком» жөнүндө сүйлөштүк. Ал учурда Ош шаарында баш аламандык болуп жаткан.», — деп билдирди Маевский.
Россиялык ишкер Текебаевге козголгон кылмыш иште эч кандай саясат жок экенин айтып, президент менен тааныштыгы жок экенин белгиледи. “Бул таза кылмыш иши. Сиздердин президентиңиздерАлмазбек Атамбаевди телевизордон гана көрүп жүрөм. Аны менен бир да жолу жолуккан эмесмин. Текебаевдин ишинде саясий буюртма жок. Чотонов менен Текебаевди Атамбаев отургузган жок. Алар өздөрүн-өздөрү отургузду. Текебаев элди гипноз сыяктуу алдагандай мени да алдады. Жеке мен УКМКнын имаратынан башка жерге кирген жокмун”, — дейт ал.