Домой Коом Ленин калат: вице-спикер эстеликке жана кыргыз элинин тарыхына каршы күрөштө кантип утулду

Ленин калат: вице-спикер эстеликке жана кыргыз элинин тарыхына каршы күрөштө кантип утулду

20

Борбор азиялык айрым ЖМКлар бир доордун бүткөнүн шашылыш жар салышып, Кыргызстандын парламентинин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев Владимир Лениндин эстелигин Бишкектеги Эски аянттан алып салууну сунуштаганын кубануу менен кабарлашкан.

Депутат советтик башкаруучунун айкелинин ордуна Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын БК биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин эстелиги турушу керек деп чечкен.

«2020-жылы аянтка Турдакун Усубалиевдин наамы берилген. Мен Лениндин эстелигин Усубалиевдин айкелине алмаштыруу керек деп эсептейм. Бул менин сунушум, ушундай эле өтүнүч менен Кочкор районунун жашоочулары да кайрылышты. Республиканын калыптанышындагы Турдакун Усубалиевдин салымы баарыбызга белгилүү», — деп билдирген Нурбек Сыдыгалиев.

Ал ошондой эле бир күндө Бишкектин төрт районунун жана республиканын бир катар айылдарынын СССР маалынан бери сакталып келе жаткан аталышын өзгөртүүнү сунуштаган. Борбор калаанын райондоруна жаңы аталыш берүү демилгесин Сыдыгалиев буга чейин көтөрүп чыгып, советтик аталыштарды алмаштырууну жигердүү колдоп келген. Учурдагы вице-спикер саясий ишмердүүлүгүн «Ата Мекен» партиясында социалисттердин катарында баштаганын эске алганда бул күлкү келтирерлик көрүнүш.

Бул сунушка жооп катары депутат Исхак Масалиев Турдакун Усубалиевдин эстелиги Лениндин айкелинен 200 м аралыкта аллеяда турганын эске салып, Владимир Лениндин азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы ролун белгилеп өткөн.

«ХХ кылымдын башында биздин жерибиз жок болгон, экиге бөлүнүп турчубуз. Бир бөлүгүбүз Россия империясынын курамында болсо, экинчиси Кокон хандыгына карачу. Улуу Октябрь революциясынын арты менен Советтер Союзу түзүлүп, кийинчерээк Кара-Кыргыз автономиялуу облусу, андан соң Кара-Кыргыз автономиялуу республикасы, кийин Кыргыз ССРи негизделген. Биз ушул чек араларда көз карандысыздыкка ээ болдук. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышында Владимир Ильич Лениндин ролу зор деп эсептейм», — деди Масалиев.
Ал XXI кылымда адамдарда тарыхты унутта калтырган адат пайда болгонун баса белгиледи.
«Кечээкини унуткубуз келет. Бул чоң ката. Кыргызстандын калкынын 30-40 пайызы 73 жыл бою СССРде тарбияланган. Бул демилге туура же туура эмес деп айта албайм, бирок Лениндин эстелегин бузуу темасын азырынча талкуу кылбай турсак», — деди депутат.
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев эстеликти жылдыруу маселесин Минкаб чечерин билдирди.
Депутаттардын талаш-тартышы коомчулуктун талкуусун жаратты. Көпчүлүк, анын ичинде борбор калаанын жашоочулары, вице-спикердин демилгесин сынга алып, кыргыз тарыхынын олуттуу бөлүгүн жок кылуу аракети таптакыр туура эмес деп баалашты. Мындан тышкары, талкуу жүргөн социалдык тармактардын көптөгөн колдонуучулары вице-спикерди өлкөнүн экономикалык, ошондой эле шаардын – тыгын же ыш сыяктуу маселелерин чечүүгө көңүл бура албай жатат деп айыптап, буларга каршы күрөштө бийлик толугу менен утулуп калганын белгилешти.
«Ыш, жолдор, асфальт, мектеп, оорукана, кадрлардын жетишсиздиги, миграциялык процесстерди токтотуу, бажы, салык көйгөйлөрүн чечкиле. Космоско дагы бир космонавтты учургула. Мындан эмне пайда? Эстеликти бир жерден экинчи орунга которгондон көрө»? — деп жазды бишкектиктердин бири.
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев Нурбек Сыдыгалиевдин сунушун шашылыш деп эсептейт.
«Вице-спикер Усубалиев атындагы парктын жанынан өтүп бара жатып, ага эстелик коюу керек деп чечет. Бул идея айтылганда эле, коомчулук терс кабыл алды. Интернетте кызуу талкуу башталды. Көрсө, көп адамдар үчүн Лениндин эстелиги баштагыдай эле маанилүү, аны сыйлашат экен. Мен мындай мамилени күткөн эмесмин, баары унутуп калышты деп ойлогом. Бирок Лениндин элеси элдин эсинде экен. Мен үчүн Лениндин эстелиги маанилүү. Мен коммунистмин жана жыл сайын 22-апрелде анын эстелигине келем. Ал жерге ушул күнү он чакты адам келет, бирөө мен. Бирок бул эстелик – көпчүлүк үчүн маанилүү символ жана ал ордунда калышы керек деп эсептейм», — деп түшүндүрдү жагдайды саясат таануучу Бакыт Бакетаев.

Ал арада интернет талкуунун айрым катышуучулары демилгеден кооптуу русофобия белгилерин көрүштү.
«Ленинди жайына койгула!!! Эмнеге бузуш керек, дал ушул Лениндин артынан Кыргызстан эгемен мамлекет болду. Депутаттардын кыларга иши жокпу?! Биз Россия менен түз конфронтацияга бара жатабыз, улутчулдарга жана русофобдорго рахмат», — деп айтылат Facebook тармагындагы комментарийлердин биринде.
Мындай жеме адилеттүү. Прибалтика жана Украинада антироссиялык саясат эстеликтерди бузуудан жана орус тилине тыюу салуудан башталган. Балким, тышкы күчтөр биздин эл өкүлдөрүбүз аркылуу антироссиялык риториканы жайылтып, жалпы кыргыз элин жаман аттуу кылганы жатабы деген тыянак пайда болууда. Элдерди бөлүп-жарып, алардын арасына ажырым салуу – ушундай манипуляциялардын максаты.
Кыргызстанга Россия менен мамилесин бузуу пайдалуу эместигин түшүнүү зарыл. Россия менен кызматташуу республикада стратегиялык коопсуздукту, экономикалык өсүштү жана туруктуулукту камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Тарыхый жана маданий байланыштардын үзүлүшү Кыргызстандын кечээкисине гана эмес, келечегине да сокку болот.
Ал арада КР Президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков эстеликти бузуу пландары тууралуу имиштерди четке какты.
«Ал ордунда турат жана ошол жерде калат. Тынчсыздануу үчүн себептер жок. Бардык талкуулар реалдуу жана так маалыматтарга негизделүүгө тийиш», – деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов дагы тарых бөлүп-жарууга шылтоо эмес, өнүгүүнүн өзөгү болууга тийиш деп билдирди.
«Ала-Тоо аянтындагы Владимир Лениндин эстелигинин макамы 2000-жылы мыйзам тарабынан белгиленген. Анткени аны башка тарабына жылдырышкан. Айтмакчы, Лениндин эстелигин бузууга алгачкылардан болуп каршы болгондордун бири Турдакун Усубалиев болгон. Биз кечээки тарыхыбызга таянып, жакшыны унутпай, жамандан сабак алып, жаңы өлкөнү куруп келе жатабыз. Минкаб бул маселени демилгелөөнү пландаган жок», — деп баса көрсөттү Байсалов.