Ооба, биздин көз ачылгандан баштап «Ленин» деген, ар кимибизге ыйык эсептелген ат менен жашадык. Биз Ленинге аябай берилгенбиз, жасалмасы жок, кыйноосу жок эле дилибиз аны өзүнө кабыл алган. Биздин күнүбүз Ленин менен чыгып, Ленин менен батчу. «Ленин биздин атабыз» дегенди баарыбыз чын дилибизден айтчубуз. Ленин туулган 22-апрелде пионерге өткөнбүз, комсомолго өткөнбүз, ошол күнү ишембилик жасачубуз- бир жакшы тазаланып алчубуз. Ленинге жаман сөз тийгизмек кайда?! Ар бирибиз Ленин жөнүндө жок эле дегенде бирден ырды билчү элек, анын баскан жолу бизге жат эле: бала кези, мыкты окуусу, агасы өлүм жазасына буюрулганда жаш Володя Ленин энесине: «Биз башка жол менен барабыз» деп айтканы, Разлив көлүнүн жээгиндеги чөп алачыкта душмандардан жашынып жүрүп, Апрель тезистерин» жазганы, анан аны Каплан деген желмогуз аял атканы, Ленин өлгөндө аны он миөдеген адамдар ызгаар суукта узатканы… баары, баары көз алдыбызда болчу.
Кичинекей чагымда Ленин чын эле баарыбыздын атабыз болгон экен дечүмүн. Кандайча ата болот деп сарэсеп салалбай эле, мени багып алган чоө атам Араке деген кайда калат дебей эле… иши кылып Ленин атабыз экенин билчүмүн. Лениндин биздин жүрөктөн кетпечү, өлбөчү образы миңдеген ырлар менен, аңгемелер, повесттер менен, кинолор, спектаклдер менен кирген. Кайткыс болуп орногон. Токтогулдун «Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду» деген саптарын билбеген кыргыз жок болчу, карысы да, жашы да билчү… Коммунисттик идея күчтүү эле да, элге эмнени сиөирткиси келсе, коркутуп жатып, алдап жатып, маңдайыңан сылап жатып, өпкөөдү үзүп жатып, кулагыңа кумдай куюп жатып… дилиңе оронуп таштачу…
Эми болсо, биз тараптан да, бөтөнчө, Россия тараптан Ленинге каршы айтылган кеп жаман түскө өтүп барат, Ленинди каргагандар көбөйдү, аны «чыккынчы», «немистердин шпиону», «орустардын душманы» дегендер да чыгып жатат… Жок, жок, Ленин деген миллиондогон карапайым элге, эзилген элге, билимсиз элге… жакшы турмуш апкелген. Өзгөчө, биз окшогон караңгы, анан калса, аз сандагы элдин бактысына жаралган ыйык адам Ленин деген! Эгерде Ленин болбогондо, биз эптеп-септеп бир нерсе кийген болуп самсаалап, сакалдарыбыз сапсайып, жалпыбыз менен «кудайлап» тоңкочуктап, кайсы бир зөөкүр калктын тебелендисинде жашап жатмакпыз, афгандар менен пакистандыктардан алда-канча төмөн турмакпыз. Ошол абалды элестетитп көрчү! Кой, аның өтө эле коркунучтуу көрүнүш!
Маал-маалы менен «Ленинди Мавзолейден алып, жерген көмүш керек» деген кеп айтылып келет. Азырынча орустардын бийлиги ал ишти жасай элек, жылдардын бир жылдарында Ленин атабыз көмүлөрү боло турган иш. Ал, мейли,мавзолейде жатсын, мейли көрүстөндө жатсын, бизге эсеби жок, эө негизгиси- ал биз окшогон миллиондогондордун жүрөгүндө жашайт!
Жакында эле орустардын чет жердеги православдык чиркөөсү «трагедиянын-Россиядагы революциянын -кудайдан качуунун 100 жылдыгына карата ошонун баарын баштаган Ленинидин сөөгүн жерге берип, кудайдан кечирим сураш керек» деген кайрылуу жасашты. Мына ошондон кийин Россия компартиясынын лидери: «Бүткүл дүйнөнүн сволучтары Лениндин Совет мамлекетиндеги ийгиликтерин көралбай жатат» дебедиби. Эң туура, таамай айтты!
Эми Ленинге болгон мамиле -ал орустардын, анын чиркөөсүнүн өз иши, а биз болсок, Социалисттик революциянын 100 жылдыгын салтанаттуу түрдө тосушубуз керек, ал датаны чын дилден берилип майрамдашыбыз керек, анын маанисин толук түшүнбөй калган жаштарга түшүндүрүшүбүз керек. Анткени, ал дата бизди адам кылган, толук кандуу улут кылган, билимдүү кылган, бар кылган! Бизге бакыт-таалай алып келген Владимир Ильич Ленин деген Улуу көсөм болчу!
Баратбай Аракеев