Легендарлуу парламенттин депутаты Стамакун Асаналиев 73 жашында дүйнө салды.
Бул тууралуу жакындары билдирди.
Ал өмүрүнүн көп жылын ар кандай мамлекеттик кызматтарга арнап, өмүрүнүн көп бөлүгүн Ош облусунда өткөргөн.
1988-жылы Стамакун Асаналиев “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген куруучусу” ардактуу наамын алган.
1991-1993-жылдары Ош облусунун губернаторунун орун басары болуп иштеген.
1993-2000-жылдары – Кыргыз Республикасынын тышкы соода жана өнөр жай министринин орун басары.
1986-жылы “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган.