Домой Дүйнөдө Путин Наталья Орейрого Орусиянын жарандыгын берди

Путин Наталья Орейрого Орусиянын жарандыгын берди

15
Наталья Орейро / Natalia Oreiro

Латын америкалык ырчы жана актриса Наталья Орейро Орусиянын жарандыгын алды. Тиешелүү жарлыкка өлкөнүн президенти Владимир Путин кол койгон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ырчынын уулу да Орусиянын жарандыгын алган.

2020-жылы ырчы орус жарандыгын алууну чечкенин айткан. Орейронун айтымында, ал биринчи каналдагы телеалпаруучу Иван Урганттын программасына баргандан кийин орус жарандыгын алууну каалаган. «Ал мага чет элдик аялдардын ичинен орус улутуна жакыны мен экендигимди айтты. Мен ага эч кандай күмөнүм жок деп жооп бердим. Анан мен Путин мага жарандык бериши керек эле дедим. Мен муну тамаша иретинде айткам», — деген Орейро.

Наталья Мариса Орейро Иглесиас Поджо Бурьер — уругвайлык актриса, ырчы жана дизайнер. Дүйнөлүк атактуулукту аргентиналык «Дикий ангел» сериалындагы башкы ролу алып келген.