Домой Коом Кызыл зонадагы бейтаптар жеген балыктарынан курттарды табышты (видео)

Кызыл зонадагы бейтаптар жеген балыктарынан курттарды табышты (видео)

20

Чүй облусунун Токмок шаарындагы оорукананын кызыл зонасында дарыланып жаткан бейтаптарга берилген балыктан курттар чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Окуя ушул жуманын башында болгон.

«Бизге, бейтаптарга ооруканадан тамак берилип турат. Бул жолу куурулган балык беришкен. Бирок, ичинен курттар чыкты. Ушул кантип жакшы болсун? Эмнеге мындай майлуу тамак берип калышты деп коебуз», — деди алар.

Ал эми Токмок шаардык жалпы дарыгерлердин практикалоо борборунан бул маалымат текшерүүгө алынганын, жообу кийинчерээк болорун билдиришти.