Биринчи Май райондук соту мурунку депутат Равшан Жээнбековду тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды.
Адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, Жээнбеков ал жакта 2020-жылдын 9-февралына чейин болот.
Жээнбековду Биринчи Май райондук сотунун аймагынан алып чыгып кетип жатканда кызы артынан “аталап” чуркаган. Жакындары да автоунаанын чыгып кетишине тоскоолдук жаратышкан.
Буга чейин экс-депутаттын ИИМдин Тергөө башкармалыгына сурак бергенден кийин Кылмыш-жаза кодексинин 244 («Барымтага алуу») жана 264-беренелери («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнчакармалганы маалымдалган.Равшан Жээнбеков парламенттин V чакырылышынын депутаты болуп шайланып келген. Кой-Таш окуясында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарабында болгону белгилүү.
Булак: Спутник