Домой Саясат Кызматка киришпей жатып, эс алууга чыккан Жунусбеков бийликтин баркын түшүрдү

Кызматка киришпей жатып, эс алууга чыккан Жунусбеков бийликтин баркын түшүрдү

340

“MegaCom” уюлдук компаниясынын башчысынын кеңешчиси болуп дайындалганына болгону  2 апта өттү. Бирок эргулуңар Төрөхан Жунусбеков эмгек өргүүсүнө чыгып кетиптир. Баса ал бул кызматка дайындалганын иш кабинетин деле көрө элек болсо керек. Себеби, Садыр Жапаровдун жанында үгүт иштерин жүргүзүп жүрбөйбү.

Бул маалыматты “MegaCom” уюлдук компаниясынын басма сөз кызматы тастыктады. Компаниянын маалыматы боюнча, Төрөхан Жунусбеков 14-декабрда эмгек өргүүсүнө чыккан.  Буга чейин Жунусбеков Фейсбукка Садыр Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушуусундагы сүрөтүн жарыялап, шайлоо алдындагы үгүтүн жазган. Бул мыйзам бузууга кирет. Аны болсо БШК текшерүүгө алган.

Борбордук шайлоо комиссиясы журналисттерге мамлекеттик компаниянын кызматкери белгилүү бир талапкер үчүн акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүндө үгүт жүргүзүүгө укугу жок экендигин билдирди. Бирок, эгерде кызматкер эмгек акысы жок өргүү алуу жөнүндө арыз жазган болсо, анда эч кандай мыйзам бузуулар жок. Мамлекеттик кызматка иштеп баштаган алам 11 айдан кийин өргүүгө чыгышы керек эле. Же Жунусбековго өзүнчө мыйзам жазып беришкенби?