Домой Коом Кызганчаак адам менен кантип жашоо керек?

Кызганчаак адам менен кантип жашоо керек?

980

Үй-бүлөнү бузуп эки айрылыш жолго салган көрүнүштөрдүн бири — кызганчаактык. Кызганганда да чегинен ашып кызгануу аялдын же күйөөсүнүн бири-бирине ишенбей шекшигенинен улам келип чыгат. Бул учурда жубайлардын ортосунда түшүнбөстүктөр пайда болуп, жыйынтыгында алар уруш-талаш, чыр менен гана жашап, аягында көпчүлүгү эки жолго түшүшөт. Кызганычтын айынан чыккан чыр-чатактардын көбүнө кызганган адамды эмес, ага туруштук берип жашап кете албаган адамды күнөөлөшөт. Мындай күнөөгө кабылбоого төмөнкү кеңештер сизге жардам берет деген ишеничтебиз.

Аялыңыз же күйөөңүз кызганчаак болгон учурда өзүңүздү колго алып анын кызганчаактыгын жөнөкөй бир көнүмүш адат катары кабыл алганга үйрөнүңүз. Кызганчаак адамды жакшы жакка оңдоо көпчүлүк учурда пайда алып келбейт. Себеби бул оору. Ошондуктан өзүңүздү колго алыңыз. Бир жакка чыксаңыз кол телефонуңузду кубаттап алыңыз. Кызганчаак адамдар телефонуңуздун кубаты өчүп калганын такыр түшүнгүсү келбейт. Ал чалганда сиздин телефон өчүк болсо, анын оюна эң биринчи жаман ойлор келет. Сизди башка адам менен жүрөт деп көз алдына элестетип, керек болсо оюнда сиз менен ажырашууга да даяр болуп калат.

Экинчиден, каякка барганыңызды, жолдон кимди көргөнүңүздү, социалдык түйүн аркылуу ким менен кандай темада сүйлөшүп жатканыңызды, кимдир бирөөнүн сиз менен достошкусу келип жатканын, кыскасы, баарын ийне-жибине чейин калтырбай айтып туруңуз. Эгер бир-эки жаңылыкты айтып, калганын кийин эстегенде айтсаңыз, тез аранын ичинде кызганчаак адамыңызда сизге болгон шекшинүү пайда болуп ортодо уруш чыгып кетет. Ошондуктан ал адамдан эч нерсени жашырбаганга аракет кылыңыз. Жумушта жүргөн учурда ага “мен сени гана жакшы көрөм, сен — менин жанымсың, эң жакын жана кымбат адамымсың. Биз ар дайым жана түбөлүккө бирге болобуз. Мен сенсиз жашай албайм” деген сыяктуу каттарды жөнөтүп туруңуз. Жөнөткүңүз келбесе да бул катты жөнөтүүнү адатка айлантыңыз. Ошондо гана сиз анын кызганычын жана жок жерден эле шекшине берүүсүн токтото аласыз. Мындай каттарды алып турган адамда “мени сүйөт, менсиз жашай албайт, демек, менден башка эч кимди карабайт” деген ой пайда болот. Ашыкча, чегинен чыга кызганган адамдар жылуу сөз, жумшак мамилеге муктаж болгондуктан алар тамакка жулунган ачка адамдай жылуу сөзгө ачка болуп турат. Ал дайыма “тоюнуп” турушу зарыл. Ал үчүн сиз аны ар бир баскан кадам сайын мактап, бирок аны башкаларга эч убакта салыштырбаңыз. Сизге андан башка эч бир дүйнөнүн кереги жок экенин түшүндүрүңүз. Жок жерден эле шекшинип кылбаган ишиңизди “кылды” деп чегинен чыга кызганып жатса да унчукпаңыз, актанбаңыз. Бирок күнөөлүү адамдай болуп ыйламсырап, көзүңүздү ала качпаңыз. Чечкиндүү, анын көзүнө тике ишеничтүү караңыз. Кызганчаак адамдар кичинекей окуядан чоң тарыхты жаратып жибере турган адамдар болгондуктан алардын жанында ашыкча сүйлөөдөн этиет болуш керек. Кызганчаак сүйүктүүңүз менен бирге ойноштук жөнүндө кинолорду көрүп калсаңыз кинонун каармандарын жактап сүйлөбөңүз. Бул менен сиз анын шектенүүсүн жана анын фантазиясын күчөтөсүз. Тескерисинче, “бул кино турмуштагы чындыкка дал келбейт экен. Кызыктуу кино го десем, болбогон эле кино тура” деп айтып сүйүктүүңүздү жоошутуп коюңуз. Алган айлыгыңызга өзүңүзгө керектүү буюмдарды сатып алгандан кийин алардын чегин сөзсүз бекитип коюңуз. Анткени ал сиз үчүн табылгыс далил болуп бере алат. Жумуштан кармалып жатсаңыз, сүйүктүү адамыңызга чалып кечигип жатканыңыздын себебин түшүндүрө айтып, канча убакыттан кийин барарыңызды эскертиңиз. Сизди ата-энеңиз, бир туугандарыңыздын көзүнчө деле кызганып чыр чыгарып жатса унчукпай, өзүнчө калганда түшүндүрүп айтыңыз. Эгер түшүнгүсү келбесе, сиз дагы ушул ыкманы анын досторунун, ата-энесинин жана бир туугандарынын көзүнчө жасаңыз. Ошондо гана ал сиздин ордуңузга өзүн коюп көрөт. Айына бир жолу кызганып, анын кийимдерине чейин карап калп эле образга кирип коюңуз. Бул ага жагат. Башкаларга суктанбаңыз. Муну менен кызганчаак адамыңыздын сизге болгон шектенүүсүн күчөтөсүз. Жубайыңыз өзгөчө кызганчаак адамга айланып кетсе, анда ал сиздин көңүл бурууңузду талап кылып жатат. Аялга жылуу мамиле, жагымдуу сөз жана эркелетүү жетишпеген учурда ал кызганчаак болуп кетет. Бул кызганчаактыктын алдын албасаңыз, бир күнү ал чегинен чыгып кетиши мүмкүн.

КЫЗГАНЧААКТЫКТЫ КАНТИП ЖЕҢҮҮ КЕРЕК?

Жубайлардын ортосунда бири-бирине болгон ишеним жок болсо, эң бекем, “бири-бирибизсиз жашай албайбыз” деген ынтымактуу үй-бүлө дагы эки айрылыш жолго түшөт. Андыктан сүйүктүү адамыңызга ишенип чындыкка дал келбеген шектенүүлөрдү ойлобоого аракет кылыңыз. Сиз ага ишенип ал менен турмуш жолуна бирге аттангандан кийин сүйүктүү адамыңыз жөнүндө жакшы ойлорду гана ойлогонго аракет кылыңыз. Сүйүктүү адамыңызды жөнү жок эле кызганып, текшерип болбогон эле жерден чыр чыгара бербегенге аракет кылыңыз. Күйөөңүзгө эркиндик берип (эгер айым кызганчаак болсо) достору менен футболго, тенниске жана бильярд залдарына жөнөтүңүз.

Өзүңүзгө-өзүңүз ишениңиз. “Мен сулуумун, ажарлуу сулуу болгонум үчүн жолдошум толтура кыздын ичинен мага гана үйлөндү, демек, ал мени сүйөт” деп өзүңүздү ага ишендириңиз. Эгер бул ыкма сизди канааттандырбаса, анда көңүлүңүзгө жаккан иш менен алек болуңуз. Иштин көптүгүнөн чарчап жолдошуңузга кайра-кайра чалып тажатууга да убакыт жетпей калат. Сүйүктүүңүздүн башкаларга барбаса дагы башкалар менен сизди алмаштырып жатканын айтып болбогон жерден чыр чыгара берүү менен сиз жолдошуңуздун аң-сезимин бузуп аласыз. “Кылбаган ишти “кылды” деп чыр чыгарып жатат, бул ишке бир барып көрүш керек экен, ансыз да чыр чыгарып жатпайбы” деген ойлорду ойлогонго өзүңүз түрткү болосуз.

Кызганчаактык жөнүндө КЫЗЫКТУУ ФАКТЫ

Кызганчаак адамдардын көпчүлүгүндө кан басымы жогору болот. Алар жүрөк ооруларына бат кабылат жана өзү теңдүүлөрдөн 10 жыл эрте картаят. “Сүйүктүүм мени кызганып жатат, демек, ал мени сүйөт” деген чечимден алыс болуңуз. Анын жок жерден эле кызганып болбогон эле ишти айтып сизге ишенбей шекшине бергени сизди ойлонтуп, катуу кайгыртат. Бул көрүнүш адатка айланып калганы менен бир канча жылдан кийин бир топ ооруларга чалдыгасыз. Кызганчаак адамдын сүйүктүүлөрү көбүнчө баш оорусун айтып даттанышат.