Домой Коом Кытайда берилүү менен «Манас» уккан Си Цзиньпин

Кытайда берилүү менен «Манас» уккан Си Цзиньпин

25
Кытайлык кыргыздардын «Манас» айтканын уккан Кытай Эл Республикасынын төрагасы эпос муундан-муунга өтүп, өнүгүшүнө тилектештигин билдирген.
Кытайлык кыргыздар Кытай лидери Си Цзиньпинге «Манас» эпосунун негизинде даярдалган концертин тартуулашканын CGTN телеканалы маалымдады.
Ага ылайык, 13-июлда КЭР төрагасы Синьцзян-уйгур автономдуу районунун музейине барган.
«Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети улуттук маданий мурасты коргоого өзгөчө көңүл бурат. «Жангар», «Гесар падышасы тууралуу» жана «Манас» — биздин улуттук азчылыктардын мурасы. «Манас» эпосу дайыма сакталып, муундан-муунга өтүшүнө тилектешмин», — деген Си Цзиньпин.