Кытайда калктын санын көбөйтүү максатында көп жылдык «бир үй-бүлө — бир бала» саясатынан баш тартат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, Пекинде 2021-жылдан 2025-жылга чейин демографиялык саясат жүргүзүү күтүлүүдө. Аталган саясат балдардын төрөлүшүнүн санын көбөйтүүгө багытталат.
Кытайда «бир үй-бүлө — бир бала» саясаты 1978-жылы киргизилген. Мында бир үй-бүлө бир гана балалуу болууга укуктуу болгон. Андан соң, 2016-жылы бул саясат жеңилдетилип, бир үй-бүлөгө 2 балалуу болууга уруксат берилген. Буга карабастан акыркы жылдары балдардын төрөлүшүнүн саны кескин кыскарып кеткен. Мындан улам аталган өлкөдө демографиялык саясат жүргүзүү пландалууда.
булак: novosti.kg