«Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деп кыргыз эли бекеринен айтып келген эмес. Кошунаңдын үйүндө тынчтык болсо, мамилең жакшы болсо гана сенин үйүңдө да тынчтык өкүм сүрүп, майрамдагыдай маанай болуп турат.
Мамлекеттик масштабдан алганда да кошуналар менен ынак мамиледе, тыгыз кызматташтыкта болуу ар бир мамлекет үчүн өтө маанилүү жагдай болуп саналат. Мына ушул багыттан алганда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкен күнүнөн тарта кошуна өлкөлөр менен мамилелерди бекемдөө, кызматташууларды арттыруу багытында алгылыктуу кадамдарды жасай алды.
Өткөн жылдын 24-ноябрында С. Жээнбеков президенттик кызматына киришкен болсо, 29-ноябрда эле өзүнүн мамлекет башчысы катары биринчи иш сапарын Россия Федерациясына жасады. Ал жактан Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы жана Евразия мейкиндигиндеги көп тараптуу кызматташууну тереңдетүү, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелерин талкуулашты.
Ошол эле күнү Россия премьер-министри Д. Медведев менен да жолугушту. Медведев: «Сиз премьер-министр болуп турганда бир нече ирет жолугушканбыз жана ошондо калыптанган биздин алакамамилелер улантыла берерине ишенем», — деген. Ошентип Россия бийлиги С. Жээнбековду жогорку урмат-сый менен тосуп алып, эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да улантуу, бекемдөө кызыкчылыгы бардыгы байкалган.
Москвадагы жолугушуулардан кийин С. Жээнбеков Минскиде өткөн ЖККУнун саммитине катышуу үчүн барган. Ал жактан Казакстандын президенти Н. Назарбаев менен жолугушуп, ошол убакта салкын тартып турган эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жылуусуна тартуусуна алгачкы кадамын таштап келген.
Мамлекет башчысы андан кийин былтыр 13-декабрда Өзбекстанга расмий сапар жасады. Ырасын айтканда коңшулаш Өзбекстан менен мамиле ага чейин эле жанданып, достук жана бир туугандык сезимдер козголуп калган. С. Жээнбековдун сапары ошол мамилелерди андан ары дагы чыңдоого багытталды. Эки өлкө башчыларынын кеңири курамдагы жолугушуусунда С. Жээнбеков: «Бул сапар Кыргызстандын салттуу достукка, жакшы коңшулаштыкка жана боордоштук мамилелерге негизделген кыргыз-өзбек кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын ырастап турат. Элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өлкөлөрүбүз ортосунда ишенимди тереңдетип, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын», — деген.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев да «Биздин эң жакын кошунабыз – Кыргызстан. Чек ара болбош керек, биз таптакыр башка деңгээлде алдыга барышыбыз керек. Айрыкча чек арада жайгашкан райондордун жашоочулары чечимдерди күтүп жатышат», — деп эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди дагы да тереңдетүүнү колдой турганын билдирген.
Ал эми 25-декабрда Казакстандын президенти Н. Назарбаевдин чакыруусу менен мамлекет башчысы С. Жээнбеков Астанага расмий сапар менен барып келди. Мына ушул сапардын алкагында эки айга чукул убакыт солгундап кеткен эки өлкө ортосундагы мамиле кайра жанданды. Жабылып турган чек аралар ачылып, эки өлкөнүн жарандарынын карым-катнашы кадимкидей калыбына келди.
Ошентип, эми бул ирет Сооронбай Жээнбеков кошуналык мамилелерди андан ары чыңдоо максатында Тажикстанга расмий сапар менен 1-февралда барды. Душанбе шаарынын эл аралык аба майданында Сооронбай Жээнбековду Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзаде тосуп алды. Бул эки күнгө созула турган сапардын алкагында С. Жээнбеков Тажикстандын президенти Э. Рахмон менен тар жана кеңири курамдагы жолугушууларды өткөрөт. Сапардын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Анан эки мамлекеттин башчылары биргелешкен билдирүү жасашат.
Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзаде жана Тажикстан Намояндагон Мажлисинин Оли Мажлисинин Төрагасы Шукурджон Зухуров менен да жолугушат. Бул сапар дагы кошуналык мамилелердин бекемделишине чоң салымын кошот деген ишеним бар.
Кыска убакыт аралыгында жасалган мына ушул сапарлар С. Жээнбековдун мамлекет башчысы катары тышкы саясатты туура жөндөй ала турганынан кабар берет.