Домой Экономика Кырсык болгон жерден казактар 300 тонна көмүрдү талап-ташып кетишкен…

Кырсык болгон жерден казактар 300 тонна көмүрдү талап-ташып кетишкен…

219

Өткөн айдын этегинде орун алган Меркедеги кыргыз поездинин кырсыгы, анын чоо-жайы тууралуу Алмаз Ногойбаев_tubжаңы гана ачылып, сайттардын катарын толуктап жаткан “Chagylgan.kg” сайты төмөндөгүдөй кызык маалымат таратты. Бирге көз чаптыралы:

“Белгилүү болгондой ушул жылдын 31-январынын таңында Казахстандын Мерке айылынан 57 вагон чиркеп көмүр ташып келаткан поезд кырсыкка учурап, натыйжада 6 вагон рельстен чыгып кеткен. Поезд «Луговое» станциясынан «Бишкек-1» станциясы көздөй келаткан. Жердин өзү Казакстандын аймагы болгон менен, темир жол аймагы Кыргызстандын Темир жол ишканасына караштуу экен. Ал аймакта казак жарандары иштеп, «Кыргыз темир жол» ишканасынан айлык алышат. Ал күнү кырсыкка учурган поэздин 51 вагонунда: өнөр-жай, айыл-чарба, курулуш материалдары ж.б ар түрдүү буюмдар болгон. Релстен чыгып кеткен 6 вагондогу көмүрдүн жалпы көлөмү  (ар бир вагондо 50-60 тонна) 300 тоннаны чапчыйт экен.  Темир жолго ашып кетсе 100-200 метр жакын жайгашкан Мерке айылынын тургундары мынчалык арбын көлөмдөгү көмүрдүн  көбүн  ташып кетишкен. Ошентип, кычыраган кышта ойдо жок жерден бекер көмүр менен камсыз болуп калышкан казактарга бул маселе боюнча эч ким суроо — сопкут салган киши жок. Казак бийлиги буга башын деле ооруткан жок окшойт. Себеби, эң башкысы талоонго түшкөн көмүр өздөрүнүкү эмес, кыргыздардыкы да.

Алмаз Ногойбаев

А, биздин «Кыргыз темир жол» ишканасынын  жер баспаган жетекчиси,  жерди «бийиктен» караган билермандары кырсыкка учурган поезддин кабарын укканда эле, «эми эмне болот» -деп өздөрүн жоготуп койгон сындуу. Анан кайдан, темир жол жээгине жайнап  чачылган  күлүнөн кезеги арбын «кара алтынды» жергиликтүүлөргө талатпай калганга шаасы жетсин… Кырсыктын кесепетин жоюу, тазалоо иштерине Кыргыз Темир жол  ишканасынынын ондогон кызматкерлери 1-2 күн барып иштеп келишкен.  Кырсык жүз берген күндөн тартып, ушул күнгө чейин кыргыз-казак эки тараптуу комиссиясы себептерин иликтеп жатышат.

Бирок андан бери 20 күндөн ашканы менен жыйынтыктарын айтыша элек.”

Мындай маалыматты Кыргыз темир жол ишканасынын жетекчиси Ногойбаев эмнеге элден жашырып кымпыйып олтурат. Же мындан да башка эл билбеген чатактар барбы? Кыязы, ушундай кызык маалымат тараткан “Чагылган” дагы коомчулукка көп белгисиз жагдайларды жакшылап иликтейт окшобойбу…