“Кырк чоро” уюмунун мурунку төрагасы Замирбек Көчөрбаев өздөрүнө карата айтылган сын пикирлерге жооп берди.
“Коомчулук бул чыгармачылыкты окуп алып, түз маанисинде түшүнүп, бул кызга жана кырк чоронун дарегине ар кандай сын пикир айтууда. Көпчүлүк ойлоп жатат бул кыз автор деп. Андай эмес. Феминисттик топтордун аркасында батыштын политтехнологдору бар. Ар бир сөздү алар даярдап берет.
Кечээги 8-мартта алардын бирөөсү ошол акцияга катышты. Эми бул чакырык кандай мааниде жазылганын чечмелеп көрөлү: “мырк” -дегенин алсак экс Президент Р. Отунбаева да айылдыктарды мырк деп кемсинтип сүйлөгөнү эске түшөт, “чорошек”- кыргыздын жигиттерине карата айтылганы десек болор. Ал эми “мини чочошки” дегени алсыз, билимсиз деп кемсинтүүсү. Демек, бул кыз кожоюну даярдап берген “айылдык кыргыз жигиттери алсыз, билимсиз” деген чакырыкты көтөрүп чыккан. Бул менин жеке пикирим”.
Булак: Багыт