tramadol overnight with mastercard.
19-сентябрда Казакстандын президенти Н. Назарбаев Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин бири Ө. Бабановду кабыл алып, жолугушканы белгилүү болду. Мына ушундан улам КР тышкы иштер министрлиги Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Р. Карибжановду чакырды. ТИМдин маалымат кызматынын билдиргенине караганда казак тарапка каршылык нотасы жиберилди.
Ал нотада Казакстандын президенти Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлердин бири жолугушуп, аны шайлоо алдында колдоого алууну билдиргенине министрлик түшүнө албай турганы жазылат. «Достук Казакстандын башчысынын Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпей тургандыгын айтканына карабастан, анын сөздөрү казакстандык тараптан Кыргыз Республикасынын келечектеги президенти ким болушу керектигине ачык эле артыкчылык берип атканын көрсөтүп турат. Андыктан кыргыз тарап бул билдирүүлөрдү, ошондой эле казакстандык тараптан бул жолугушууну кеңири чагылдырууну Кыргызстандын элинин тандоосуна жана Кыргыз Республикасынын ички ишине кийлигишүүсү деп баалайт», — деп жазылат анда.
Ооба, так шайлоонун алдында кайсы бир талапкерге артыкчылык берип, жолугушуу жасаганы, болгондо да анын казакстандык телеканалдар аркылуу кеңири чагылдырылышына жол бергени – бул кыргызстандыктардын тандоосуна жана өлкөбүздүн ички ишине кийлигишүүгө далалат жасап атканы эмей эмне? Эгерде Кыргызстан да Казакстандын ички ишине кийлигишип баштаса, анда аны коңшуларыбыз кандай кабыл алат эле?