Домой Экономика Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 530 млн. долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 530 млн. долларга жетти

6

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 31-октябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 530 млн. долларга жетти. Бул ушул жылдын болжолдуу ички дүң өнүмүнүн 52,7 пайызын түздү.

Мунун ичинен 3 млрд. 793 млн. доллар тышкы карыз. Ал эми 737 млн. доллар ички карыз.

Сырттан алынган карыздын эң көбү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына («Эксимбанк») туура келет. Кыргызстан «Эксимбанкка» 1,7 млрд. доллар карыз.

Ушул жылдын октябрында мамлекеттин тышкы жана ички карызын төлөөгө республикалык бюджеттен 34, 55 млн. доллар жумшалды.