Кыргыз Республикасынын гиминин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев каза болгону маалым болду. Бул тууралуу кабар алгандар жазып чыгышты. Азырынча маркум кайсыл жакка коюла турганы айтыла элек. Ал Кыргыз Республикасынын гиминин Кыргыз эл акыны Жалил Садыков менен биргелешип жазышкан.
Өмүр жолу:
Кулуев Шабданбек – акын. Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган.
1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1963-жылы. Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1969–1990-жж. Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептерде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990–2006-жж. Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. Республикалык “Кыргыз туусу” гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы.
1987-жылы “Эмгек ардагери” медалы, 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгиси берилген.
Ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири болуп, 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилген.
2002-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган. “Жайыл районунун Ардактуу атуулу”. 2003-жылы “Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн” пенсиясы ыйгарылган жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун “Кеменгер” төш белгисинин ээси.
1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
2011-жылдан «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардактуу наамына ээ болгон.
Жарык көргөн китептери[
Куланчы мерген: Ырлар. — Ф.: Мектеп,1987. — 86 б.
Алас-алас: Сатиралык ырлар. — Б.: Учкун, 1995. — 94 б.
Кийик-Сай: Ырлар. — Б.: Учкун, 1997. — 84 б.
Кылымдар жаңырыгы: Даректүү баян. — Кара-Балта, 2003. — 124 б.
Сезим кайрыктары: Ырлар. — Б.: Бийиктик, 2005. — 108 б.
Мидин минткен экен: Сатиралык аңгемелер. — Б.: Учкун, 2006. — 343 б.
Эл жер баяны: Публицистика. — Б.: Бийиктик, 2007. — 148 б.
Өмүр издери: Эскерүү. — Б.: Бийиктик, 2008. — 86 б.
Суусамырлык чабан. –Б.: Бийиктик, 2010. –87 б.