Домой Коом Кыргызстандын 2017-2030-жылдарга калктын психикалык ден-соолугун коргоо жана аны ишке ашыруу багытындагы иш...

Кыргызстандын 2017-2030-жылдарга калктын психикалык ден-соолугун коргоо жана аны ишке ашыруу багытындагы иш чаралардын Планын колдоого алынды

83

clomid tablets. maxresdefault

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасында 2017-2030-жылдарга калктын психикалык ден-соолугун коргоо жана аны ишке ашыруу багытындагы иш чаралардын Планын колдоого алды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирет.

Бүгүн, 27-сентябрда, Сапар Исаков вице-премьер-министра Чолпон Султанбекова, Саламаттыкты сактоо  министри Талантбек Батыралиев жана жарандык оомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйын өткөрүп, мамлекеттик программаны бекиткен токтомдун долбоорун талкуулап, ага кол коюудагы документ  иштерин тездетүүнү тапшырды.

«Кыргыз Республикасына психикалык ден-соолукту коргоо боюнча жаңы программа керек. Маселени жаңы көз караш менен карап, аны чечүүгө убакыт келди.  Биз онкоголигия, жугуштуу оорулар жана кургак учук маселесине өзгөчө көңүл бурдук. Бул жакта өзгөрүүлөр байкалууда. Саламаттыкты сактоо тармагында эң артта калган психикалык ден-соолук багытана өзгөчө көңүл бурулуп, узак мөөнөттүү программаны ишке ашырууга ар тараптан колдоо көрсөтүлөт», – деди Сапар Исаков.

Оорунун негизги себептери катары ал социалдык-экономикалык фактор болгон миграция, жашоонун узактыгы, калктын картаюусу, өз өмүрүнө кол салуу, адамдын психикасына доо келтире турган активдүү каражаттарды колдонуу, балдардын жана өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана башка көйгөйлөрдү атады.

«Биз башка мамлекеттер сыяктуу эле биздин жарандарыбыз психикалык жактан жабыркабай тургандай шарттарды түзүп, аларды ишке ашырууга комплекстүү чараларды көрүшүбүз зарыл. Бул үчүн саламаттыкты сактоо тармагындагы гана эмес, экономика, билим берүү, эне жана  баланы коргоо, коопсуздук системасына оңдоо киргизишибиз керек. Адамдын психикалык ден-соолугу организмдеги башка жугуштуу эмес ооруларга таасирин тийгизе тургандыгы аныкталган.