clomid online pharmacys with 5 stars. Бул жылы кыргызстандыктар Курман айтты 1-сентябрда белгилешет. Бул маалыматты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы таратты.
«Кыргызстандагы мусулмандардын дин башкармалыгынын 2017-жылдын 16-августтагы катынын негизинде 1-сентябрь Курман айт күнү деп белгиленет», — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренеси боюнча, Курман айт белгиленген күн жумуш күн эмес деп эсептелет. Муну менен Кыргызстанда 4 күн: 31-август — Эгемендүүлүк күнү, 1-сентябрь — Курман айт жана 2-3-сентябрь — ишемби, жекшемби күндөрү жумуш күн эмес.