Кыргызстандык модель Сусанна Егорян “World Next Top Model 2017” эл аралык сулуулар сынагында биринчи вице-мисс наамын жеңип алды. Бул тууралуу Сусанна өзү социалдык баракчасына жазды. Аталган сынак 14-июлдан 6-августка чейин Ливанда өткөн. С.Егорян «Кыргызстандын сулуусу-2017» сынагынын катышуучусу.
