Домой Спорт Кыргызстандык гимнаст эл аралык фестивалда алтын медаль утту

Кыргызстандык гимнаст эл аралык фестивалда алтын медаль утту

13

Кыргызстандык гимнаст Аина Маратова цирк өнөрү боюнча балдар арасындагы эл аралык фестивалда алтын медаль утту. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Жибек Жолу” деп аталган балдар сынагы 15-17-апрелде Ташкент шаарында өткөн. Ага 8 жаштан 16 жашка чейинки балдар-кыздар катышкан.

Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай жана Казакстандан барган катышуучулар өнөрлөрүн мамлекеттик циркте көрсөтсө, Россия менен Украинанын артисттери коронавирус пандемиясынан улам номерлерин онлайн тартуулашкан.