Домой Спорт Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын Суперкубогунда кооз гол киргизди

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын Суперкубогунда кооз гол киргизди

169

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов учурда казакстандык «Кайрат» командасында ойнойт.

Суперкубоктун жарым финалында эсеп 3:2 болуп турганда Алыкуловдун алыстан тепкен тобу атаандашынын дарбазасынан орун алды. Кыргызстандык футболчу эсепте 3:3кө айлантып, «Кайрат» командасына жеңүү үмүтүн берген.

Бирок оюн бүткөндөн кийинки 11 метр аралыктан топту тебүүдө «Кайрат» 4:2 эсебинде жеңилип калган. Мындан улам Казакстандын Суперкубогунун финалына «Тобола» командасы чыгып, ал эми «Кайрат» клубу үчүнчү орун үчүн беттешет.