Домой Саясат “Кыргызстанды” сотко беришет

“Кыргызстанды” сотко беришет

84

Канат Исаев

Учурда парламенттеги көпчүлүк коалициянын катарындагы “Кыргызстан” партиясын сотко беребиз дегендер чыкты. Шайлоочулар ассоциациясынын президенти Бакыт Керимбаев: «Биз «Кыргызстан» партиясын каттоону мыйзамсыз деп табуу жөнүндө сотко арыз беребиз. Алар  биздин өлкөнүн аталышын колдонду. Юстиция министрлигинин буйругунда, «Кыргызстан» же «Кыргыз Республикасы» деген сөз өзүнчө аталыш катары колдонулбашы керек.  «Россия», «Казакстан» деген партиялар жок. Мындай жол менен алар шайлоочуларды алдап жатышат», — деп билдирди. Бакыт мырза, “атың чыкпаса жер өрттө” болуп жатабы же “Кыргызстандын” кожоюну Шакиден жең ичинен акча алгысы келип жатабы? Айтор, түшүнүп болбойт. Белгилүү болгондой, бул партия Юстиция министрлигинен 2010-жылы эле өткөн. Чындап эле, бул маселе өзү айткандай мыйзамсыз болсо, буга чейин эмне кылып жүрдү эле, айтор эми бул маселеден майнап деле чыкпашы турган иш да.