Президенттикке ат салышып аткан Өмүрбек Бабановдун Казакстандын жараны экендигин тастыктаган документтер мындан бир нече жылдар мурун эле ММК булактарында жарыяланган эле. Бул өлкөнүн жараны экендигин ал өзү да убагында танган эмес болчу. “СССР ыдырагандан кийин Казакстандын жарандыгын алып алыптырмын” таризинде актанганы эсибизде.
Андан бери жылдар жылмышты, бирок Бабановдун Казакстандын жарандыгынан чыккандыгы тууралуу маалыматты эч бир жерден көргөн жокпуз. Өзү да бул тууралуу бир ооз кеп айталек. Эгерде ал казак жарандыгынан чыккан болсо, анда Кыргызстандын жарандыгын алыш үчүн КР президентинин атына арыз менен кайрылышы керек болчу. Ошондон кийин гана ага биздин өлкөнүн жарандыгы берилет эле. Бирок, Бабановдун ушул күнгө чейин Кыргызстанды башкарган бир дагы президенттин атына андай арыз менен кайрылганын уккан жокпуз, уккан да адам жок. zofran over the counter.
Демек, аны КР жарандыгын мыйзамсыз, сатып алуу жолу мененалган дегенге толук негиз бар. Ошондо жарандыкты да акчага сатып алып аткан саясатчы-бизнесмен үчүн шайлоочулардын добушун сатып алуу жөнөкөй эле маселе болуп калбайбы? Эгер жалган десе тийиштүү документтерин кѳрсѳтпѳйбү?