Домой Дүйнөдө Кыргызстандан өткөн бактылуу мамлекетти дүйнөдөн табыш кыйын…

Кыргызстандан өткөн бактылуу мамлекетти дүйнөдөн табыш кыйын…

82

            Бириккен Улуттур Уюму 035c3cdd816c1481df7c5824488dbc2c_big_r(БУУ) акыркы жылдары АКШ менен Батыштын арыгын чаап, алардын кызыкчылыгы үчүн гана иштеп калган мекемеге айланганы дүйнөлүк басылмаларда тынбай жазылып келет. Алардын мындай бир тараптуулугу жакында дагы бир ирет тастыкталды. Алсак, БУУнун туруктуу өнүктүрүү жолун издөө боюнча бөлүмү эң бактылуу өлкөлөрдү аныктаган The World Happiness Report аттуу докладын жарыялады. Мына ушул докладда алар Кыргызстанды болушунча мокочо көрсөтүүгө аракет кылган. Тактап айтканда, биздин өлкөнү Борбор Азиядагы эң “бактысыз” мамлекет атаган. Маселен, Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен 44-орунда турган Өзбекстан алдыда келе жатат. Анын артында 60-сапты ээлеп Казакстан бар. Түркмөнстан 59-орундан 68-орунга жылып кеткен. Тажикстан бир жыл ичинде 16 сапка көтөрүлүп 80-орунду ээледи. Ал эми Кыргызстанды 92-сапка илип, Африканын эң мокочо мамлекеттеринин катарына кошкон.

БУУнун учурдагы баш катчысы Антониу Гутерреш өткөн жылдын июнь айында Кыргызстанга келип, биздин өлкөнү мактап кеткен. Ал эмес Кыргызстанды Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы атап, кыргызстандыктар жакшы жашоого умтулуп жатканын жогору баалаган эле. Тилекке каршы, ал жетектеген уюмдун бөлүмү бүгүнкү күндө тескери кетип, Кыргызстанды каралоого өттү.

Мындай саясатташкан докладдарга көңүл буруштун кереги жок. Анткени, Борбор Азияда кыргызстандыктар бактылуу, эркин жашап жатканын көз карандысыз уюмдар эчак айткан. Андыктан тышкы саясатын көз карандысыз жүргүзө баштаган Кыргызстанды алар мындай жасалма докладдар менен чөгөлөтө албайт.

uricon with out precritpion for dogs.