Домой Аналитика Кыргызстандай табияты кооз өлкөнү табуу кыйын

Кыргызстандай табияты кооз өлкөнү табуу кыйын

1230

“Туулган жердин топурагы алтын” деген учкул кеп бар. Ырасында ар бир адам баласы үчүн өзү туулуп-өскөн жер баарынан ыйык, баарынан бийик турат. Дагы тагыраак айтсак, ошондой болушу керек. Тилекке каршы, бизде “өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман” демекчи, өзү туулуп-өскөн мекенин өзгөлөрдүн алдында жамандап, жапайы, маданиятсыз мамлекет катары көрсөтүүгө аракет жасап аткандар чыгууда.

Жети-Өгүз

Андай эрендердин бири таштанды ташталган аймактарды, шахтадагы кыйын турмушта жашагандардын сүрөттөрүн тартып алып, аны россиялык “Лента.ру” сайтына жарыялаптыр. Бул сүрөттөрдүн автору “Кыргызстанда жашоо ушундай” деген маанайды жараткысы келгени көрүнүп турат.

Эгерде бул сүрөттөрдүн авторунун логикасына таяна турган болсок, анда дүйнөнүн дагы көптөгөн өлкөлөрүндө жашоо “ошондой” болуп калат. Ошол эле Россияда да таштанды ташталган аймактар бар, иштеген иши, жашаарга үйү жок көчөдө калгандар көп. Эгерде ошолордун баарын сүрөткө тартып “Россияда жашоо ушундай” деген маанайды жарата берсең кандай болот? Албетте, туура эмес болуп калат.

Бардык эле мамлекеттерде жашоо-шарты начар, кыйналып жашагандар бар. Экономикасы дүркүрөп өнүгүп жаткан Кытайда биздеги жакыр жашагандардан да алда канча жакыр жашагандар өтө көп. АКШда да жок эмес.

Ал эми таштанды ташталган аймакты сүрөткө тартып чыгарып салып эле, Кыргызстандын кооз жаратылышын жокко чыгарууга болбойт. Өткөн жылдын сентябрь айында өткөн Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 60 тан ашуун өлкөсүнөн коноктор келишип, өлкөбүздүн керемет кооз сулуулугуна, табиятына тамшанып бүтө албай кетишпедиби. Эл аралык деңгээлдеги абройлуу ММКлар бул оюндардын жүрүшүн чагылдырып турушту. Чет мамлекеттен келген коноктордун көпчүлүгү кайра кеткилери келбей жатышкандарын да чын дилдеринен айтып берип жатышты.

Ошол эле убакта акыркы жылдарда Кыргызстандын табиятына суктанып, аны өз көздөрү менен көрүүнү каалагандардын саны арбып баратканы белгилүү. Өткөн жылы Нидерланддардын баш калаасы Амстердамда жыл сайын болуучу «Amsterdam Fair for Special Journey 2016» эл аралык ишкер туризми жана саякат боюнча көргөзмө өткөнү маалым. Бул иш-чарада кыргызстандык жана чет элдик компаниялар Кыргызстанда туристтер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырышкан. Туристтик операторлордун билдиришинче бүгүнкү күндө нидерланддык туристтер Кыргызстанга абдан кызыгууда. «Саякатчылар Кыргызстанды башка тарабынан көрүп, кызыгып, экология багытындагы жана этнотуризмге ыкташууда», — деп маалымдаган убагында тышкы иштер министрлиги.

Чет элдик туристтерди асман тиреген тоолор, адам буту баспаган жаратылыштын кооздугу жана ага жуурулушкан кыргыз элинин жашоо турмушу кызыктырат. Жөө саякаттоо, ат минүү же тоо койнунда боз үйдө, чатырда түнөө саякатчылардын жаратылыш менен бир бүтүн болуусуна шарт түзүп, көчмөн элдин бай тарыхын сезүүгө өбөлгө болот. Мына ушундай экенин учурда көптөгөн туристтик операторлор айтып келишет.

Жакында эле Financial Times журналы да Кыргызстанды саякаттоого ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына кошкон. Мындай мисалдарды айта берсек өтө көп. Андыктан “колдо бар алтындын баркы жок” болуп, өз мамлекетинин, өз мекенинин кадыр-баркына жетпей, өздөн чыккан жат болуп жаткандар кимдердин колундагы куралга айланып жатышканын түшүнүү кыйын.

Биз кыргыз жери менен, Кыргызстан менен толук кандуу сыймыктана алабыз. Анткени табияты булганбай, таза сакталган жери бар, кылымдарды карыткан түптүү маданияты бар эли турат.

Азамат Кангелдиев