Домой Коом Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум башталды

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум башталды

6

Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өтөт. Эртең мененки саат 08.00гө карата өлкөдөгү добуш берүү тилкелери ачылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде кабарлагандай, 2435 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды.

Чет өлкөдө ачылган 48 шайлоо тилкесинде референдум үчүн добуш берилет. Акыркы маалыматтар боюнча, 6 сааттан бери 15 тилкеде добуш берүү өтүүдө.

Өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү да башталды. Ага жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1815 талапкер ат салышууда, Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоого 9 партиядан 701 талапкер катышууда.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүүгө 3 млн 318 миң шайлоочу катталган.