Кыргызстанда мектеп курагына чейин балдардын 25 пайызы гана бала бакчага барат.
Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча, буга андагы орундар жетишсиз экенин
Улуттук статистика комитети жарыялады. 2019-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде
100 орунга Бишкекте 177, Ош шаарында 161 жана Ысык-Көл облусунда 131 бала туура келген.
Ал эми Таласта 100 орундуу мекемеге суроо-талап 2 эсеге көп. Комитеттен белгилешкендей,
былтыр бакчалардын саны 1 миң 600гө жеткен. Аларда жалпысынан 208 миң бала тарбияланган.
Ал эми Кыргызстанда 2-6 жаш аралыгындагы балдардын саны 800 миңдин тегерегинде.
Булак: novosti.kg