Домой Экономика Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы арзандайт

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы арзандайт

120

Кыргызстандын нефтетрейдерлери бийликке күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү үчүн өз сунушун киргизди. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, октябрь айында нефтинин баасы өсүүсүн токтотпойт. Бул Оруссиянын мунай иштетүүчү заводдорундагы баалардын кымбатташына алып келет. Ички рыноктогу бааларды кармап туруу үчүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы кыргыз өкмөтүнө октябрдан декабрь айына чейин салыкты өзгөртүп туруу механизмин колдонууну сунуштады.

“Бул аракеттер азыркы чекене бааны түшүрүүгө жардам берет. Мисалы, бензин 3,7 сомго, дизель майы 4,8 сомго арзандайт”, — дешти ассоциациядан.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын эсептөөсүнө караганда, бул чаралар кабыл алынса мунайды иштетүү тармагы 2021-жылы пландык салыгын толугу менен жабат.