Домой Коом Кыргызстанда коронавирусту жугузгандардын саны 12 адамга жетти

Кыргызстанда коронавирусту жугузгандардын саны 12 адамга жетти

64

Буга чейин Кыргызстанда алты адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Ошентип, жалпысынан бүгүнкү күндө COVID-19 вирусун жугузуп алгандар 12 адам болду. Буга чейин илдетти жугузуп алгандар Сауд Арабиясына умрага барып келген Ноокат жана Сузак районунун тургундары болчу.

Учурда бул райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланып, жугуштуу илдетти жугузгандар менен байланышта болгондор обсервацияга жаткырылган.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 20-мартка карата маалыматы боюнча, өлкө аймагында 410 адам обсервацияда, 1251 адам жашаган жеринде дарыгерлердин көзөмөлүндө; 1309 адам – 14 күндүк карантинден чыгышты. Саламаттык сактоо министрлиги жатак орундардын санын 2290го чейин көбөйттү, алардын 700ү өлкөнүн түштүк аймагында.