Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын мүчөсү, Саламаттык сактоо министрлигинин «Медициналык профилактика» бирикмесинин жетекчисинин орун басары Кубатбек Садырбеков «Азаттыктын» «Арай көз чарай» талкуусунда билдирди. Анын сөзүнө караганда, Казакстан менен Өзбекстанда коронавируска чалдыккан кишилер аныкталган соң, оорунун алдын алуу үчүн чек аралардагы өткөрмө бекеттеринин иши дагы күчөтүлдү.
Өкмөттүн жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрү Өзбекстан жана Казакстан менен чек аралардагы көзөмөл өткөрүү бекеттеринин иши менен таанышып, текшерүүнү күчөтүүнү сунуш кылышты.
Кыргыз өкмөтү оорунун алдын алуу максатында массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салып, түнкү клубдарды, кинотеатрларды, компьютер залдарын, соода борборлорундагы балдар үчүн оюн-зоок аянтчаларын, тамактануучу жайларды жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Ошондой эле өпкөнү сезгентүүчү вирустун жайылышына бөгөт коюу үчүн жарандарга эл көп чогулган жерге барбоо, ата-энелерге балдарын үйдө кармоо сунушталды.
Президенттин катышуусу менен өткөн Коопсуздук Кеңешинде 16-марттан тарта өлкөдө мектептерди жана окуу жайларды менчиктин түрүнөн көз карандысыз үч жумалык тыныгууга таратуу чечим кылынган.
Булак: Азаттык