Домой Ден-соолук Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы адам катталды

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы адам катталды

65

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын 18-марттагы чукул жыйынында кабарланды.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү ооруга катталган үч киши аныкталды.

«Сауд Арабиясына барып келген үч жаран катталды. Бул өлкө биздеги категорияга илинген эмес. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын бири, Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирусту аныктады», — деди министр.

Министрдин айтымында, ооруга чалдыккандар обсервацияда кармалып турушат.

Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID 19 деп аталган, өпкөнү сезгентүүчү оору үч ай ичинде эле дүйнөнү каптап, 7 миңден ашуун адам оорудан көз жумду. 180 миңден ашуун киши ооруга чалдыкты.

Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн апта соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган.

Булак: Азаттык