Домой Коом Кыргызстанда кинотеатрлар, түнкү клубдар, компьютер залдары жабылды

Кыргызстанда кинотеатрлар, түнкү клубдар, компьютер залдары жабылды

36

Жыйында өпкөнү сезгенткен вирусту жайылтпаш үчүн түнкү клубдарды, кинотеатрларды, компьютер залдарын, соода борборлорундагы балдар үчүн оюн-зоок аянтчаларын, тамактануучу жайларды жабуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Ал эми башка кызмат көрсөтүүчү, коомдук тамактануучу жайларда массалык иш-чараларды уюштурбоо, санитардык чараларды күчөтүү сунушталды.

16-мартка карата Кыргызстан аймагында коронавирус катталган учур жок. Учурда 341 адам карантинде кармалып турат.

Булак: Азаттык