Домой Коом Кыргызстанда доллардын расмий курсу бир күндө бир сомдон ашык көтөрүлдү

Кыргызстанда доллардын расмий курсу бир күндө бир сомдон ашык көтөрүлдү

48

Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар долларды 79-80 сомдон сатып алып, сатууда.

Кыргызстанда 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттаган. 20-мартта 85 сомго жеткен. Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан 160 миллион 600 миң долларга жети жолу интервенция жасады.

20-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасындагы абалды оор деп баалап, быйыл казынага 450 млн. доллар түшпөй калышы мүмкүн экенин айткан.

Булак: Азаттык