Домой Коом Кыргызстанда 156 миң бала мектеп босогосун аттады

Кыргызстанда 156 миң бала мектеп босогосун аттады

41

Кыргызстанда 156 миң бала мектеп босогосун аттады.

Бирок коронавирус пандемиясынан улам бүгүн Биринчи коңгуроо салтанаты

уюштурулбай эле сабактар башталды. Биринчи чейректе 1-класстын окуучулары менчик түрүнө

карабастан мектепте окуйт. Кошумчаласак, 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар онлайн режимде билим алат.

Муну менен катар балдарга бирдиктүү форма боюнча талаптар коюлбайт.

Салтка айлангандай эле ак көйнөк, кара шым же юбка кийсе болот.