Домой Коом Кыргызстанда 10 миң адамды 21 дарыгер карайт. Медиктер тууралуу статистика

Кыргызстанда 10 миң адамды 21 дарыгер карайт. Медиктер тууралуу статистика

12
Кыргызстанда жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленет. Улуттук статистика комитети саламаттык сактоо тармагындагы цифраларды сунуштады.
2021-жылдагы статистикага ылайык, өлкөнүн 10 миң калкына 21 дарыгер жана 51 медайым туура келет. Жалпысынан 14 миңден ашык дарыгер жана 34 миң медайым иштейт.
Дарыгерлердин арасында: терапевт (4,7 миң адам), хирург (2,4 миң), стоматолог (1,2 миң), акушер-гинеколог (1,0 миң) жана педиатр (500дөн ашык адам) адистиктери кеңири жайылган.
Саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлердин орточо айлыгы быйылкы январь-апрелде 15 697 сомду (кичи ишканаларды кошпогондо) түзүп, былтыркыга салыштырганда 46 пайызгы өскөн.
Медициналык мекемелердин саны:

ооруканалар — 177;

баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдар — 40;

медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар — 2;

фельдшердик-акушердик пунктулар — 1000ден ашуун;

Жалпы медициналык практика борбору — 62;

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору — 155.