Домой Саясат Кыргызстан жаштар уюмунун өкүлдөрү жана “Россиянын ыктыярчылар союзунун” лидерлери менен жолугушуусу

Кыргызстан жаштар уюмунун өкүлдөрү жана “Россиянын ыктыярчылар союзунун” лидерлери менен жолугушуусу

64

Иш чара 8-августта, жалпы россиялык уюм “Россия ыктыярчылар союзунун” борбордук штабынын кеңсесинде болду.

Жениш Молдокматов

Жолугушууда  “Россия ыктыярчылар союзу” уюмунун тең төрагасы Сергей Бондаренко, Борбордук штабынын жетекчиси Искандер Султанов, анын орун басары Сергей Орлов жана ошондой эле аймактык саясаты боюнча куратору Александр Саратцев болду. Кыргызстандан бул жолугушууга “Калыс” коомдук саясий кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов жана “Дүйнө эли” эл аралык уюмунун өкүлү Алишер Ташматов барган.

Жолугушуу учурунда жаштардын коомдук демилгелерин өнүктүрүү боюнча, ошону менен бирге КМШ аймагында ыктыярчылык туралуу да талкуулашты.

 “Россия ыктыярчылар союзунун” Борбордук штабынын жетекчиси Искандар Султанов:

— Маалыматтык жактан алганда бул өтө маанилүү жолугушуу болду. Биз коллегаларыбыз менен Кыргызстандын уюмдарынын иш жүргүзүүсү боюнча көп нерсе биле алдык. Андан тышкары, ар кандай ыктыярчылык долбоорлор боюнча карым-катнашуунун дагы варианттарын талкууладык.

“Россия ыктыярчылар союзу” уюмунун тең төрагасы Сергей Бондаренко:

— Кыргызстандын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, биздин коллегалардын, позитивдүү натыйжаларга жетүү тажрыйбасын “Россия ыктыярчылар союзунун” аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүндө колдонобуз деп белгилей кетем.

“Калыс” коомдук кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов:

— Жемиштүү жолугушуу болду. “Россия ыктыярчылар оюзунун” активисттеринин ишмердүүлүгү жана негизги долбоорлору боюнча көп нерсе биле алдык. Коллегаларыбызды Кыргызстанга келип, жергиликтүү уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча таанышып кетүүгө чакыра кетмекчибиз.

 

Булак: http://www.souzdobro.ru/detail/ob-itogah-vstrechi-liderov-soyuza-dobrovoltsev-ros/