Домой Коом Кыргызстан сапаттуу лифтке муктаж

Кыргызстан сапаттуу лифтке муктаж

131

Асман тиреген кабаттуу имараттарды катарлап салууга баш урган ар бир өлкө сапаттуу лифтке муктаж. Анысы жок бийик имараттарды салуунун мааниси болбойт. Биздин жергебиздеги шаарлар жана кичи шаарларыбыздагы лифттер күркүрөгөн союздун бай каржысы менен салынып калган. Бирок убакыттын өтүшү менен алар деле иштен чыгып эскирип, кай бир учурларда адам өмүрүн алып кеткен учурлар кездешип жүрөт. Ал эми жаңы курулган көп кабаттуу имараттар жеке ишкана курулуштарга таандык болгондуктан ээлери лифттерди чет жактардан олчойгон акчаларга алып келип куруп жатышат. Ошондуктан пайдаланууга берилүүчү батирлердин баасы асман чапчып жатпайбы. Биз дүйнөнүн чок ортосу деп саналган Туркиянын Стамбул шаарынын көп кабаттуу имараттарынын 40 пайызын лифт менен камсыз кылган заводдун башчысы, бизнесмен жана жеке ишкер Ибрагим Арсландын лифт көйгөйүн биздин өлкөдө кантип чечсе болот деген учурдун темасындагы оюн уктук.

— Лифти жок имарат жашоого да, иштөөгө да ыңгайсыз. Аны толук кандуу бүткөн имарат деп эсептөөгө болбойт. Негизинен курулуштун эң зарыл жана эң оору лифт маселесинде турат. Кыргызстандагы иштеп жаткан имараттарда да лифт жокко эсе экен. Мен Кыргызстанга атайын ушул лифт заводун куруп ишкана ачууну көздөп келдим. Анткени Кыргызстан өнүгүү жолуна багыт алып баратканын бийик имараттардын эсепсиз курула баштаганынан байкоого болот. Туркияда жасалган лифттер өтө сапаттуу жана кооз. Ошондой эле кенен калыпта чыгат. Биз бул заводду ачуу учун кыргыз мамлекетиндеги мекенчил ишкер, өлкө үчүн күйгөн адамдар менен сүйлөшүүгө бара алабыз,- дейт Ибрагим мырза.

Эгерде кыргызстандык имарат куруучулар бөтөн жактан лифт ташып келүү көйгөйүнөн кутулгусу келсе булар менен алака жасаса болчудай. Оболу өзүбүз сапаттуу лифт заводун курууга маани беришибиз учурдун талабы. Ал эми ошол тилекти орундатууга түрк ишкерлери кол сунууга куштар. Маселе ортодогу кызыкчылык кантип ишке ашарында калды.

Эркинай Эшенкулова

Журналист

Булак: Ачык сөз