Домой Аналитика Кыргызстан-Россия: Эки тараптуу мамиле жогорку чекке жетти

Кыргызстан-Россия: Эки тараптуу мамиле жогорку чекке жетти

46

410778996 

19-июнда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен Россияга барды. Анда эки тараптуу жолугушуулар орун алып, бир катар документтерге кол коюлду. cialis 5 mg generika.

Буга чейин айрым талдоочулар Кыргызстанды Россиянын көзүн караган, өз позициясы жок мамлекет катары сыпаттап келген. Атамбаевдин Москвага болгон мамлекеттик сапарында мындай кептерге чекит коюлгандай болду. Анткени, президент Владимир Путин баштаган жетекчилер биздин президентти абдан жылуу кабыл алып, Атамбаев алар менен тең ата сүйлөшүп, сапар алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

20-июнда эки өлкөнүн жетекчилери расмий түрдө жолугуп, мамлекеттик сапардын шаанисин Россия тарап жогорку деңгээлде өткөрдү. Россия президенти буга чейин айрым чакан мамлекеттердин президенттерин мынчалык сый менен узатканын көрө элек болчубуз. Россиялык эксперттер да муну байкап, жылуу мамилеге эки лидердин жакын достугу да себеп болгонун айтууда.

Эки лидердин жолугушуусунда Владимир Путин Москва Атамбаевди чын жүрөктөн тосуп алганын баса белгиледи. “Москвада Сизди  чын жүрөктөн тосуп алууга уруксат этиңиз. Кечэ биз  беймарал жагдайда мамилелерибиздин бардык комплекси боюнча, аймактык маселелер, айрым эл аралык проблемалар туурасында бейформал сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук.  Акыркы кезде  эмнелерди аткардык, айтмакчы, көп иштер жасалды. Алдыда дагы кандай милдеттерди аткарышыбыз керек, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинде көп тараптуу форматта  эмне иштерди жасашыбыз керек. Аймактагы биздин маселелерибиз туурасында  да.  Мына ошолор туурасында бүгүн бизде тар чөйрөдө, кеңейтилген курамда дагы  эки  тараптуу мамилени кандайча түзүп жаткандыгыбызды предметтүү сүйлөшүп алууга мүмкүнчүлүк болгонуна мен абдан кубанычтамын”, — деди Владимир Путин.

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын лидерин  өлкө өтө оор изденүүлөрдүн жыйынтыгында тапкан жолунан тайбастыгына ишендирди. “Өз ишимдин алдын ала жыйынтыктарын чыгарып келип, эң башкы жетишкендигибиздин бири – Россия менен мамилени туура нукта жүргүзгөнүбүз деп эсептейм. Стратегиялык мамилелердин, достуктун жана боордоштуктун нугунда”,- деди  Алмазбек Атамбаев.

 

Россиянын боордоштук колдоосу көйгөйлөрдү жеңип чыгууга жардам берип келди

Эки өлкө жетекчилеринин жолугушуусунда Президент россиялык тарапка зор колдоо көрсөткөндүгү үчүн  ыраазычылык билдирди. “Мен бул колдоону дайыма сезип келдим. Чыныгы боордоштук колдоону сездим. Бул, албетте, кыйынчылыктарды, көйгөйлөрдү жеңип чыгууга жардам берип келди”,- деди Алмазбек Атамбаев.

В.Путин жолугушууда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишин жогору баалап, Россия Кыргызстанды мындан ары да колдой бере турганын белгиледи. “Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ийгиликтүү иштеп жатат. Анын уставдык капиталына Россия 500 миллион доллар салган. Мындан тышкары Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында орус тарап жыл сайын 30 миллион доллар бөлүп келет. 2012-жылдан тарта мындай жардамдын суммасы 255 миллион долларды түздү. Кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө маанилүү салым катары мигранттардын которгон акчасын айтсак болот. Былтыр мындай которуулардын көлөмү 20 пайызга өсүп, 2 миллиард долларга жакындаган. Ал эми быйылкы жылдын биринчи кварталында которуулар дагы 60 пайызга жогорулады. Бизде кыргыз жарандарына жумушка орношууга, медициналык жана социалдык жардам алууга жеңилдик берген шарттар каралган”, — деди Путин.

 

Бакиев алган карыздан Атамбаев кутултту

20-июнда Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин эки тараптуу документтерге кол коюу аземине катышты. Алардын арасында эки өлкөнүн ортосундагы союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо жөнүндө Декларация; аскердик-техникалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө келишим; миграция чөйрөсүндө компетенттүү органдардын өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Макулдашуу; 2012-жылдын 20-сентябрындагы берилген кредит боюнча карыздарын жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууга Протокол сыяктуу маанилүү документтер бар.

Албетте, бул документтер биринчи кезекте Кыргызстан үчүн маанилүү. Анткени, өлкөнүн Россия алдындагы 240 миллион доллар карызы кечилди. Муну менен Кыргызстан Россиядан толугу менен карыздан кутулду.

Эсиңиздерде болсо дал ушул карызды канкор президент Курманбек Бакиев алган. Ал ГЭСтерди курам деп алган карыз максатсыз пайдаланылып, элдин мойнуна илинген эле. Албетте, буга Президенттин туура жүргүзгөн саясаты себеп болду.

 

Маданият күндөрү уланат

Ушул эле күнү Москванын Кремль чоң сарайында Кыргызстандын маданият күндөрү ачылып, ага 7 миңге чукул адам катышты. Аны маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков ачып, кыргызстандык өнөрпоздордун концерти менен коштолду. Ага Россиянын президентинин атайын өкүлү жана орус маданият министринин орун басары да катышты. Салтанаттын ачылышы аземи жогорку деңгээлде өтүп, кыргыз-орус маданият ишмерлеринин дөө-шаалары катышты.

20-июнда башталган Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрү 2-июлга чейин уланып, Москва, Казан, Уфа сыяктуу ири шаарларда кыргыз өнөрпоздору өнөрлөрүн тартуулайт. Ошондой эле Кыргызстандын маданиятын, кыргыз киносун даңазалаган иш-чаралар да белгиленген.