Домой Саясат «Кыргызстан» партиясынын лидери, Канат Исаев: «Жөн гана жумушту көбөйтүп саясат жасап жатат»

«Кыргызстан» партиясынын лидери, Канат Исаев: «Жөн гана жумушту көбөйтүп саясат жасап жатат»

424

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарды. Мунун менен БШК жумушчу топтун 25-августта берген чечимин колдоду.

Боршайком «Кыргызстан» партиясынын документтерин анын «ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка адам тапшырганы мыйзам бузуу болгон» деп тапты.

Ал эми «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев документ кечикпей тапшырылганын айтып, бул чечимге каршы экенин билдирди.

“Бизди өкүндүрөт. Биринчиден шайлоо процессинде ар дайм каталар болуп турат. Билбестиктен, албетте, элдин талдоосуна канчалык деңгээлде таасир этет деп чечим чыгарышы керек.  Эгерде добуштар сатылган болсо, элдин талоосуна туура келбейт.

Бул техникалык ката. Эч кандай шайлоо процессине таасир этпей турган жагдай.  Жөн гана жумушту көбөйтүп саясат жасап жатат. Бул чечимге макул эмеспиз. Биз бул боюнча сотко кайрылабыз,” –  деди Исаев.

Булак: Багыт