Домой Коом Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын 94%дан ашууну такталды

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын 94%дан ашууну такталды

9

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасынын 94%дан ашууну макулдашылды. Бул тууралуу «Спутник Өзбекстан» Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовго таянып билдирди.

Кыргызстандын Ташкенттеги элчиси Ибрагим Жунусовдун айтымында, учурда жердин 6% га жакыны гана тактала элек.

Азыркы убакка чейин кыргыз-өзбек чек арасынын 15% га жакыны тактала элек болгон.