Домой Аналитика Кыргызстан латын арибине азыр өтпөйт

Кыргызстан латын арибине азыр өтпөйт

57

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан азыр латын тамгасына көчпөй турганын билдирип, бул теманы ашыкча көбүртүүнүн кереги жок деп эскертти. Анын алдында Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору каралган учурда бир катар депутаттар өкмөт өкүлдөрүн алфавит реформасын жүргүзүүгө, анын ичинде латын арибине өтүүнү тездетүүгө чакырышкан эле.

«Катуу эскертүү»

Президенттин расмий сайтындагы кабарга караганда, мамлекет башчысы бейшембиде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алып, ага катуу эскертүү берип, кыргыз тилин латын арибине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды.

“Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Анын алдында Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору каралган учурда бир катар депутаттар алфавит реформасын жүргүзүүгө, анын ичинде латын арибине өтүүнү тездетүүгө чакырышкан эле.

«Биз эркин мамлекетпиз. Биздин нукура сөздөрүбүз кириллицада туура эмес жазылат. Анан кантип жаштарды тарбиялайбыз. Биздин негизги максатыбыз ата-бабабыздан келген тилибизди качан латын алфавитине өткөндө гана сактап калабыз», — деген депутат Эмил Токтошев.

Депутаттар Нуржигит Кадырбеков, Камила Талиева дагы бул жаатта чечкиндүү аракеттер зарылдыгын баса белгилешти.

Каныбек Осмоналиев өз кезегинде 1993-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин вице-премьерлеринин ортосунда латын арибине көчүү жөнүндө меморандумга кол коюлганын, бирок Кыргызстанда эч кандай иш жасалбаганын билдирди.

«Тилекке каршы, андан бери саясий чечим кабыл алынган жок. Бүгүнкү күндө түрк тилдүү алты мамлекеттин ичинен биз гана кириллицада отурабыз. Эгер Жогорку Кеңеш, президентибиз баш болуп саясий чечим кабыл алса, биздин окумуштуулар латын графикасына өткөнгө даяр. Бир нече варианттар жасалууда».

Латын тамгасына көчүү Кыргызстанда көптөн бери көтөрүлүп келаткан маселе. Коңшу өлкөлөр Казакстан менен Өзбекстан бул ишти эчак эле башташкан.

Кыргызстанда бул маселеде өкмөттүн так жообу жок болуп келген. Эми президенттин билдирүүсүнөн кийин азыр аны сөз кылуунун мааниси да жок болуп калды.

Эң биринчи себеп, тил маселесинде Кыргызстан өзүнүн эң башкы саясий союздашы Москванын маанайына карап иш кылууда.

«Биздин ар бир сөзүбүздү азыр лупа менен карагандай карап атат. Керек болсо, «Тойбосс» колбасасындагы проблема ушундан келип чыкты деп айта алам»,-деди Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында депутат Марлен Маматалиев.

Кимден качып атабыз?

Профессор Кубан Мамбеталиев латын тамгасына өтүүгө чакырып жаткандардын логикасы жок дейт                   (Профессор Кубан Мамбеталиев латын тамгасына өтүүгө чакырып жаткандардын логикасы жок дейт)

Ошол эле убакта илимий коомчулукта дагы бир жаңсыл ой жок, караманча каршы болгондор да көп.

Филология илимдеринин доктору, профессор Кубан Мамбеталиев латын арибине көчүүгө чакыргандардын логикасын көрбөй жатканын айтып келатат:

«1926-жылы Бакуда түркологдордун съезди болуп, Касым Тыныстанов ошол жерге барып араб тамгасынан латын тамгасына өтүү боюнча доклад жасаган. Делегаттарга ошол долбоор таратылган. Ал долбоорду Түркиядан келген окумуштуу Мустафа Кемалга көрсөтүп, ал Түркияны биринчи болуп араб тамгасынан латын тамгасына өткөргөн. Мустафа Кемаль халифаттан качты да. Ал кезде Стамбулда халифаттын ордосу болгон. Ошол халифаттан качып, араб тамгадан качып, мамлекетти Европага жакындатайын деп туруп латын тамгасына өткөн да….А биз кимден качып атабыз? Кирилл тамгасы кыргызга ыңгайлуу болуп калды да. Андан качып, латын тамгасына өтүп, биз Евробиримдикке жакындайбызбы?».

Профессордун жүйөсүндө латын тамгаларын колдонууда ыңгайсыздыкка алып келе турган дагы жактары бар.

«Биз азыр кириллицада калышыбыз керек. Латын тамга бизге ыңгайсыз болуп атат. Латын тамгасында «ы» менен «и» тамгаларынын айырмасы анча деле эмес, бир чекит менен айырмаланат. Анда кандай болот? Сый деген сөздү эмне кылабыз? Билбегендер эмне кылат? Сый деген сий болуп, этиш болуп калып атпайбы. Башкасын айтпай эле коеюн».

«Табигый насил»

                      (Гүльзура Жумакунова иштеп чыккан кыргыз латын алфавити)

Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы «биздин окумуштуулар латын графикасына өткөнгө даяр» деп айтып жаткан себеби, бир катар кыргыз окумуштуулары латын арибиндеги кыргыз алфавитинин бир нече вариантын түзүп, талкуулап коюшкан.

Мисалы, Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова «Инарип» деген өзүнүн вариантын сунуш кылып келатат.

«Бүгүнкү дүйнөдө эл аралык коммуникация (улашым) жана информация (билишим) каражаттарынын орток тили үчүн англис тилинин, модерн дүйнө жазуусу катары латын жазуусунун тандалып алынганын азыр эч ким тана албайт. Дүйнөлүк интеграция ортомунан татыктуу орун алыш үчүн көптөгөн калктар латын жазуусуна өтүп кетишти. Бул жапырыктан кирил жазуу чөлкөмү да четте калган жок. Мурунку СССР баштаган социалисттик лагерде Чыгыш Европа, Балкан өлкөлөрү жана Монголияда экинчи тил катары окутулган орус тилинин да, кирил жазмасынын да аймагы аябагандай тарыды. Кирил жазмасы азыркы тапта Орусия Федерациясы, Украина, Беларус; Балкан чөлкөмүндө – Македония, Сербия, Болгария, ал эми Борбордук Азияда – Кыргызстан, Тажикстан, Монголия менен эле чектелип калды»,-деп жазат профессор «Азаттыкка» жарыяланган макаласында.

Профессордун баамында, латын тамгасына өткөндө кыргыздар кирил жазмасында жол берилип кеткен айрым тилдин табиятына терс мүчүлүштөрдөн кутулуп, эгемен өлкөнүн мамлекеттик тилин заманбап талаптарга жана табигый насилине төп келе турган жетик алфавитке ээ кылат.

«Латын жазуусуна кайра өтүш кыргыз тилинин глобалдык маалымат булактарына өз алдынча жана арип алмаштырбастан тикелей киришине, эл аралык тилдердин катарында татыктуу ордун алышына жол ачат. Латын алфавитине өтүлсө, тышкы булактар катары дүйнөдөгү тилдер менен ортомчусуз тикелей интеграция жасоого мүмкүнчүлүк түзө турган орфография эрежелери жаңыдан иштелип чыгат. Муну менен бүгүнкүгө чейин улуттук тилдин мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, тилге кирген ар бир сөз же терминди орус орфографиясына жараша байлап-матап келген көз карандылыктан кутулуп, аларды улуттук тилдин табиятына шайкеш, тектеш тилдер менен орток кабылдоо ыкмалары иштелип чыгат».

Тарыхый контекст

Латын тамгасы — Кыргызстан мурда басып өткөн жол. 2028-жылдан 2040-жылга чейин латын алфавитин колдонуп, ата мекендик согуш башталар алдында кирилл тамгасына көчкөн. Ал эми Кыргызстанды латын тамгасына өткөргөн окумуштуу, биринчи билим берүү комиссары Касым Тыныстанов 1937-жылы кандуу репрессиялар убагында атылып кеткен.

«Касым латын тамгасына өтүүнү биринчи козгоп, элдин сабатсыздыгын тез жоюуда, маданияттын ылдам көтөрүлүшүндө, типографияда арип терүүдө араб тамгасынан латын тамгасы төрт эсе жеңилдик кылары жөнүндө мугалимдердин съездинде, Фрунзедеги окуу жайларында, республикалык түрдүү кеңешмелерде толгон докладдар жасап, «Латын тамгасын эмне үчүн алабыз?» атту көлөмдүү макаласын «Эркин Тоо» газетасынын 1925-жыл, 20-июнундагы 29-санына эң биринчи жазып чыгат»,-дейт Фейсбукта тилчи окумуштуу Аттокур Жапанов.

«Кийин мындай макалалардын он чактысын республиканын газета-журналдарына үзгүлтүксүз жарыялап турган. Жогорудагы макаласында ал мындай деген: «Ар бир окуучу жакшы түшүнүүлөрү керек: латын тамгасын алгандагы максатыбыз күн чыгыштын ак селделүү кожо-молдосун жок кылуу үчүн эмес, жеңил жол менен адабиятыбызды, маданиятыбызды жасоо, латын тамгасын алып, латын же француз болуп кетүү эмес, максатыбыз солдон оңдо жазып, маданияттуу элдерди тууроо эмес, биздин максатыбыз: жеңил, төтө жол менен улут адабиятыбызды, улуу маданиятыбызды топтоп, ошол аркылуу, ошолордун техникасындай техникалуу болуу»

                                      (Кыргыздын биринчи илимий-методикалык журналы «Жаңы маданият жолунда» 1928-жылы май айында латын арибинде жарык көргөн. Бул журнал азыр «Эл агартуу» деген аталышта белгилүү.)

bbc.com/kyrgyz