Домой Коом Кыргызстан Кытайдын жери болгонбу?

Кыргызстан Кытайдын жери болгонбу?

133

Макаланын жарыяланышы кадимки эле көрүнүшпү же саясий максаты барбы? Кыргыз өкмөтү эмне үчүн реакция кылбайт? Тарыхый фактылар канчалык туура жана жүйөлүү колдонулган? Мындай материалдардын чыгышы эки өлкөнүн алакасына кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

«Арай көз чарай» талкуусуна саясат илимдеринин кандидаты, доцент Орозбек Молдалиев жана тарых илимдеринин кандидаты, профессор Дөөлөтбек Сапаралиев катышты.

«Азаттык»: – Орозбек агай, аталган макаланын жарыяланышын, анын маңызын сиз кандай кабыл алдыңыз? Анча көңүл бурбай турган кадимки көрүнүшпү же кайсы бир саясий максатты көздөгөн десек болобу?

Бул макаланын жарык көрүшү кокусунан болуп калды деген болбойт. Бул биринчи эле факты эмес.

Орозбек Молдалиев: – Эгерде жалпыга маалымдоо каражаттары эркин мамлекетте ушундай макала чыгып кетсе – кадимки көрүнүш катары карасак болмок.

Кошуна Кытай мамлекетинде өзүнүн Интернет айдыңы бар, ал бийликтин катуу көзөмөлүндө турат. Анын үстүнө макала жарыяланган сайт таасирдүү жана мамлекеттик бийлик менен тыгыз кызматташкан маалымат каражаты экендиги айтылууда. Ошондуктан бул макаланын жарык көрүшү кокусунан болуп калды деген болбойт.

Бул биринчи эле факты эмес. Былтыр Нур-Султан шаарында «Борбор Азия жана Кытай мамлекетинин кызматташтыгы» эл аралык форумунда илинип турган картада Кыргызстан Кытай мамлекетинин курамында тартылып калган. Бул да кокусунан эмес. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «иликтеп көрүп, жооп беребиз» деген, бирок ошол боюнча жооп болгон жок. Казакстан ар бир нерсеге реакция кылып жатат, биз тараптан эмне реакция болгону белгисиз.

«Азаттык»: – Дөөлөтбек агай, макалада көптөгөн тарыхый доорлор, династиялар, даталар жөнүндө кеп болуп жатат. Алар канчалык туура жана жүйөлүү колдонулган десек болот?

Дөөлөтбек Сапаралиев: – Мен ал макаланы жакшылап окуп чыктым. Ал жерде династиялар, доорлор берилиптир. Мисалы, Хан династиясы биздин заманга чейинки 206-жылдан биздин замандын 220-жылына чейин болгон. Юань династиясы да биздин замандын XIII-XIV кылымдарында өкүм сүргөн. Ал Чыңгызхандын небереси түзгөн династия. Ага тыштан келген элдер келип бийлик жүргүзгөн деп айтылат, демек, монголдор. Андан кийин автор XVII-XIX кылымдардагы Цинь династиясы жөнүндө айтып жатат. Мында манжурлар (кара кытайлар) үстөмдүк кылышкан. Кытай интернет-басылмасында ушундай эле жалпыланган маалыматтар берилет.

Албетте, ал династиялардын таасири убагында Борбор Азиянын көп жерлерине тараган. Ал учурда азыркыдай такталган чек аралар болгон деп айтууга болбойт. Мындай чагымчыл маалыматтар совет мезгилинде Хрущев менен Мао Цзедундун мамилеси бузулуп кеткенде деле көтөрүлүп турган. Анткени Хрущев Сталиндин саясатын ашкерелеп койгондугу үчүн Мао жер маселесин козгогон. Совет өкмөтү убагында так, даана түшүндүрмө берип, позициясын ачык билдиргенден кийин көп нерсе ордуна келген. Ошол убакта да «кытайлардын аттарынын байыркыдан калган издери Кытайдын жери болуш керек» деген маалымат тарап кеткен. Бул да факты.

Азыр эл аралык мамилелер башка нормалар менен жашайт, башка ыкмалар менен чечилет. Менимче, азыркы чыгып жаткан маалыматтарга өтө эле териге берүүнүн кажети жок. Буга илимий жана саясий жактан түшүндүрмө берип туруш керек. Биздин Тышкы иштер министрлигибиз адистердин пикирине таянып, кошуналарга жүйөлүү жооп берип туруш керек.

«Азаттык»: – Орозбек агай, Казакстан ушундай эле мазмундагы жарык көргөн макала үчүн Кытай өкмөтүнө нааразычылык нотасын жөнөттү. Кыргызстандын тышкы иштер министри буга реакция кыла элек, бул эмнени түшүндүрөт?

Орозбек Молдалиев: – Казакстан нота эле жөнөтүп койбой, Кытайдын элчисин министрдин орун басары кабыл алып, сүйлөшүү жүргүздү. Жарыяланган материал боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

Тарыхка кайрылсак, Борбор Азияга байланыштуу Кытайдын байыркы борбору Сиань шаарында «Цивилизация музейи» бар. Ошол жерде Кытайдан Борбор Азияга биринчи элчи болуп келген Циян Цяндын эстелиги турат. Бул фактынын өзү Борбор Азия мамлекеттери Кытайга карабай өз алдынча дипломатиялык мамиле кылып келгенин айтып турат. Эгер Кыргызстан Кытайга карап турган болсо, анда эмне үчүн кыргыздар 751-жылы кытайлар менен Таласта салгылашкан? Мындай тарыхый фактылар толтура. Андан кийин эле Орусия империясы менен Кытайдын ортосунда чек араларды таануу боюнча көптөгөн келишимдер бар. Ошонун баарында кайсы мамлекеттин чеги кайсы жерден өтөт – баары жазылып турат. Биздин Тышкы иштер министрлиги ушулардын баарын айтыш керек. Тилекке каршы, мажирөөлүк кылып жатат.

Дөөлөтбек Сапаралиев: – Тарыхтын бизге жакын дооруна кайрылсак, XVII-XVIII кылымдарда Кыргызстандын аймагы Цинь империясына караган эмес. Анын баары документтерде, карталарда деле кашкайып көрүнүп турат. Бул жерде «Эмне үчүн Казакстан, Кыргызстан Кытайга кетпейт?» деп атайын чагым кылып, кытай тараптагы популисттердин эле жазганы болуп жатат…

Булак: Азаттык