“Кыргызстан коммунисттеринин партиясын” Исхак Масалиев жетектейт. Масалиев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына мандатты “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын атынан алып, мандатын быйыл 21-майда мөөнөтүнөн мурда тапшырган.
Исхак Масалиев алдыдагы шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси аркылуу баратканын жакында аталган партиянын өкүлү маалымдады.
Борбордук шайлоо комиссиясындагы тизмеден дагы эки партия эсебин өз убагында ачпаганы үчүн четтетилгени кабарланууда. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоого катышуу ниетин 44 партия билдирген. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.