Домой Коом Кыргызстан эл аралык университети Мухаммедкалый Абылгазиевдин диплому боюнча билдирүү таратты

Кыргызстан эл аралык университети Мухаммедкалый Абылгазиевдин диплому боюнча билдирүү таратты

258
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан Эл аралык университетинин магистратуранын биринчи агымынын бүтүрүүчүсү болгон. Бул тууралуу окуу жайдын сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазив “Жогорку математика жана бизнес” деп аталган магистратуранын күндүзгү бөлүмүндө “Банк иши” адистиги боюнча 1995-жылы окууга кирип, 1997-жылы аяктаган.

“Магистратурада окуган студенттер кечинде, ал эми бакалавриатта окугандар күндүз билим алышчу. Университеттин архивинде билим алганы үчүн контракт төлөгөндүгү жөнүндө бухгалтердик документтер, ошондой эле студент Мухаммедкалый Абылгазиевдин магистратуранын экинчи курсуна которулушу жөнүндө буйрук жана рапорт бар. Ошондой эле магистрдик диссертациясынын темасын бекиткен документ да камтылган” – деп айтылат билдирүүдө.

Фото МУК. Мухаммедкалый Абылгазиев был выпускником первого потока очной магистратурыФото МУК. Мухаммедкалый Абылгазиев был выпускником первого потока очной магистратуры

Белгиленгендей, 1995-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинде студенттерди эки деңгээл менен даярдаган Болон системасы иштей баштаган.